Окуучуга үстөмдүк болгон №47 мектептин директору кызматтан кетти

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы мектептеги чырга байланыштуу директордон тышкары өспүрүмдөр менен иштеген инспектор да иштен кеткенин, вице-мэрге, билим берүү башкармалыгынын жетекчисине катуу сөгүш бериле турганын билдирди.

12-октябрда №47 мектептин 8-классынын окуучусу ур-токмокко кабылып, ооруканага түшкөн.

Териштирүүдө ал бала дүкөнгө баратып жолдо турган 9-класстын окуучусуна ийини тийип кеткенин, ошондон уруш чыгып, сабалганын айтып берген.

Окуя тууралуу маалымат тараганда социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары кол көтөргөн окуучу милиционердин баласы экенин жазып, кызуу талкууга алынган.

Ички иштер министрлиги 15-октябрда сабалган окуучу да, ага кол көтөргөн бала да мурда милицияда иштеген адамдардын балдары экенин ырастады.

Ленин райондук милициясы бул окуяга байланыштуу “Бейбаштык” жана “Опузалоо” беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Бирок жабыркаган бала опузалоо болбогонун айтууда.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу