Окумуштуулар күзгүгө тынбай карануу ден соолукка пайдалуу экенин аныкташты

Тажрыйба далилдегендей, бир нече күн күзгүгө каранбай жүргөн адамдын коомго аралашуу жөндөмү басаңдайт.

Колумбия университетинин алдындагы Барнард колледжинин окумуштуулары күзгүгө каранып туруу адамга эмоционалдык жана психологиялык жактан пайдалуу экенин аныкташты. Бул туурасында «Моя планета» порталы жазды.

Көрсө, күзгү адамдарды өзүн сырттан кароосуна жардам берип жана башкалар менен сүйлөшүп туруу керектигин эске салат экен. Башкача айтканда, коомго аралашууга түрткү болот.

Тажрыйба далилдегендей, бир нече күн күзгүгө каранбай жүргөн адамдын социалдашуу жөндөмү азаят.

Ошондой эле күзгү эмоцияларды жөнгө салууга жардам берери айтылат.

Окумуштуулар билдиргендей, эгер сиз күнүгө күзгүгө каранып турсаңыз психикаңыз бир калыпка түшүп, ачык маанайда жүрөсүз.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу