Окумуштуулар кандын анализи менен ымыркай качан төрөлөрүн аныктаса болорун айтышты

Окумуштуулар жаңы ыкма тастыкталса төрөттү болжолжолдоо баасы бир кыйла арзандайт деген пикирде.

 Окумуштуулар кандын анализи аркылуу ымыркай качан төрөлөрүн аныктай турган жаңы ыкманы иштеп чыгышты. Бул тууралуу Science журналына жарыяланган макалада айтылат.

Окумуштуулар кош бойлуу аялдын канынын анализин алып, түйүлдүктүн чоңоюшу менен бөлүнүп чыга турчу РНК бүртүкчөсүн иликтешкен. Анын жыйынтыгында окумуштуулар ымыркай качан төрөлөрүн болжолдуу түрдө аныкташкан. Бул ыкманы текшерип көрүү үчүн эки эксперимент жүргүзүлүп, 31 кош бойлуу аялдын канынын анализи иликтенген. Эксперименттин дал келүүчүлүгү эки жуманын ары-бери жагын кошкондо 45 пайызды түзгөн. Ал эми ультра үн менен изилдөөнүн (УЗИ) дал келүүчүлүгү 48 пайызды түзөт.

Окумуштуулар алардын жаңы ыкмасы тастыкталса төрөттү болжолжолдоо баасы бир кыйла арзандайт деген пикирде.

Булак:sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу