Окумуштуулар: диета адамды өлүмгө алып барат.

Дарыгерлер, биологдор жана онкологдор ден-соолукка жакшы таасир бербей турган диеталардын тизмесин жасап чыгышты.

Чыгыш Финляндия университетинин окумуштуулары бир катар белгилүү диеталардын узак убакытта тийгизген таасирин изилдешти жана рациондогу белоктун жогорку деңгээлде болушу адамды өлтүрүшү мүмкүн деген жыйынтыкка келишти. Изилдөөчүлөр «Аткинс» диетасы сыяктуу белокко бай диеталар орто жаштагы адамдарда жүрөк, кан-тамыр ооруларынын пайда болушун эки эсе артырат.

Окумуштуулардын пикири боюнча, жаныбарлардан алынган белок жүрөктүн жетишпестигин пайда кылып, кандын коюланышына алып келип, кан-тамырларга терс таасир берет, мунун бары инфаркт, инсульт жана тромбдун пайда болшуна алып келиши мүмкүн.

БүткүлДүйнөлүк Саламатыкты Сактоо уюму ден-соолукту сактоо үчүн канттын өлчөмү төмөн диетага «алмаштырып» жана таза суу менен балык, бурчак жана жер жемиштерди көп жеш керек экендигин эскертет.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу