Окумуштуулар балага жаккан обонду аныкташты…

Испаниянын психологтору 18 менен 38 жума бою курсакта жаткан 300 баланын кандай музыкага жакын болоорун далилдеп чыкты деп кабарлайт “detstrana.ru”га шилтеме берип “NUR.KZ” сайты маалыдайт.

Белгилүү болгондой, балдардын көбү классикалык музыкага жакын болот экен. Окумуштуулар изилдөөнүн жүрүшүндө кош бойлуу аялдар га ар түрдүү багыттагы 15 түрдүү багыттагы музыканы угузган.

Аныкталгандай, курсактагы балдар Бетховен, Бах, Моцарт менен улуттук музыкага жакын болушкан. Ал эми эң жаманы- Шакира, Адель менен Bee Gees ырларына көңүлдөрүн бурдура алган эмес.

Окумуштуулардын ойлору боюнча, таасирдүү обондорду угуу курсактагы баланын тили менен сүйлөөсүно жакшы таасир берүүчү ыңгайлуу аймакты калыпташтырат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу