ОЙ, УЛАН, “ОЙГОНСОҢ”БОЛО?

Акыркы 3 айдын ичинде жол кырсыгынан эле 148 адам бу жашоо менен кош айтышты. Мындай муздак көрсөткүч аркылуу адам саны боюнча салыштырганда дүйнөдө алдыңкы орунга чыктык. Жарым кылымга жакын согуш токтобой келген Афганистанда да уч айдын ичинде мынчалаган адам кырылбаптыр. Жыл жаңыраары менен “мен ИИМди реформалайм” деп атпадың беле? Ошол ИИМде Кокондун жасоолдорундай күркүлдөшүп сенин милийсаларың элди коргобой эле, акыркы учурларда аларга элдин итатайы тутулчу болду. Этика деген да этектен ылдый тушуп. Балким сен аны көрбөй, билбей жаткан чыгаарсың. Би­рок, ошондой. Сен андан көрө кур дегенде МАИ тармагын тартипке салсаң боло, укуругуң деле узун деп атышат го? ИИМди болсо ал жактагы иш билги адистер ирээтке келтирээр? Учурда МАИчилериң өздөрү жана жетекчилери үчүн гана акча чогултуп калгандай. Айдоочулар эмес, жөө жүргүнчүлөр ме­нен да адамча сүйлөшкөндү да билбей баратат, аларың.Мындай көрүнүш ула­на берсе ал ирийт, анан чирийт.Убалын жалпы мамлекет тартат.Ошондуктан, “бөдөнөнү да касапчы сойсунчу” деп ким айтса да таап айткан экен… Кайран гана, бир кездерде дөөлөтү күчтүү, дөөтү бийик МВДы.

Булак: «Айгай пресс»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу