ОЙНОШТОРУН ДЕПУТАТ КЫЛГАН САЯСАТЧЫЛАР

Беларус президенти Александр Лукашенко мамлекеттик кызматкерлерден 1-апрелге чейин туугандары менен жакындарын, анын ичинде «көңүлдөштөрүн» жумушка орноштурууну талап кылганы эмдигиче кызуу талкууга алынды. Ал мунун түз мааниде, же каймана түрдө айтканын тереңдетип ачыктаган жок. Андыктан, бул сөздү ар ким ар кандай кабылдап жатышат.

Кыскасы, Европадагы бирден-бир диктатор Президент  каалаганын кылып , оюна келген сөздөрдү айтып жатат. Биздин Президент ушинтип айтып жатканын элестетип көрүңүзчү. Бирок бизде колунан келген таасирдүү чиновниктер Президентке антип жар салдырбай эле, “эстүү бала, этекке чаптырбайт” болуп Лукашенко айткан маселени эчактан бери эле ишке ашырып келатышат.

Албетте, андай көрүнүш өтө көп эмес. Бирок жетиштүү. Себеби, бирөө бийликтин бийик секисине барса, ал калган туугандарын, досторун ал тургай ойношторун акчалуу кызматка орноштуурга активдүү киришет. Маселен, бизде мурункуларын айтпаганда да, 2010-жылдан кийин ойношторун депутат кылган бакандай саясатчылар бар. Андай аягы суюк депутат айымдар азыркы чакырылышка өтпөй калышты. Муну ачык айтпасак деле, көпчүлүк билет. Өзгөчө тар чөйрөдө көп айтылат.  Бул эми мансапкор адам табиятында боло келген көрүнүш экен, мындан кийин деле боло берет. Аягы суюк айрым айымдар төшөк маселеси аркылуу саясатчыларды “багынтып”,  аларды колдонуп бакандай кызматтарга барган учурлар да көп эле кездешет. Эми аларды ачык айтуу кичине этикага жатпай калат. Ошентсе да, андай көрүнүштөрдү тарых өзү таразалап, өз баасын берери бышык.

Булак: Чагылган 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу