Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлөчү бай болгур!

Албетте, кезинде куюлушкан сөзү менен көпчүлүктү өзүнө бура алган депутат Рыскелди Момбеков убакыттын өтүшү менен аша чаап бара жатат десек жаңылышпайбыз. «Ой, Рыскелди депутаттардын арасында сенден бөлөк чындыкты айткан киши калбай калды, сен эле Жогорку Кеңештин абийирин жаап турасың, тайманбаган эр экенсин»-деген сөздөргө эреркеп, делөөрүп кетип атабы айтор, «Ээн жердин каманы дөбөгө чыгат» деген сыяктуу Рыскелди Момбеков деген депутат Жогорку Кеңештин «жылдызына» айланды. Чындыгында кыргыз эл макалдары китебин биринчи класстын баласындай болуп жаттап алып, эки сөзүнүн бирине макал кошуп сүйлөп жатса кулактын кычуусу кангандай эле болот.

Мейли, сүйлөсүн. Кеп кезеги келгенде таамай-таамай курч пикирди айтып турганга эмне жетсин. Бирок, Рыскелди мырза, урду-соктуга салып кээде калпты чынды койгулаштыра салган жоругуна каяша айтууга туура келүүдө.

Дегенибиз, учурда Момбеков: «Жергиликтүү бийлик Таластын айрым райондорунан 1 миллион сомго чейин акча чогултуп берет. Анан президенттин катышуусу менен Таласта Айтматовдун 90 жылдык маракесин өткөрөм» деп төш кагып жүргөнүн эшиттик. Билишибизче эч ким бирөөден зордоп акча чогулткан жок. Таластын эли түп көтөрүлүп өз демилгелери менен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөрүүгө белсенүүдө.

Андыктан, «Элден акча чогултту» деп президентти жаманатты кылып жаткан Рыскелди Момбековдун «жоругу жолдо калсын» дегенден башка айтарыбыз жок. «Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлөчү бай болгур!» дегиң келет экен.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу