“Мен Кыргызстандын демимин”, -деген сыяктуу ойду-келди ойлору менен Гүлзат Мамытбек аттуу кызыбыз соцтармактарга ардемелерди ойлоп «таба калып» жазып жүргөнү бир тобуна деле дайын болсо керек.
Жакында ошол Гүлзат өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасына жерде жаткан адамдын айкелин чымчык сүйрөп бара жаткан сүрөттү киргизиптир. Анысы ал, бирок “Бул чымчык-мен, ал эми адам болсо-Кыргызстан”, -деп Кыргызстанды жерде кулап жаткан кишини түспөлдөгөн эстеликке, өзүн болсо чымчыкка теңептир.
Учурда бул тууралуу көпчүлүк интернет колдонуучулар «арыдан бери болсоң боло» деген сын-пикирлерин жаадырышууда. Негизи эле Гүлзат Мамытбек бул аракети менен ойноп сүйлөсө да ойлоп сүйлөсө болмок экен.
Булак: «Айгай»