Обондор окшошпу же плагиатпы? Ырчылардын ырларына сереп салабыз

Мурун ырчылардын ыйманы бар беле, айтор, сөзү же обону сырттан алынса «чет элдики» деп коюшчу. Азырчы? Азыр чет өлкөлөрдө 1-2 жыл мурун хит болгон ырлардын автору кыргыз ырчылары болуп чыга келген учур көбөйдү. Анткени кыргыз ырчылары башкалардан алган обонун, аранжировкасын, сөзүн же клиптин идеясын «менчиктештирип» алганга өтүштү. Мындай жорук, албетте, плагиатчылык катары кескин сындалат. Алардын айрымдарына токтоло кетели.

«УНУТАМ». УУРДАЛГАН БОЛСО УРУШАМ…

Украиналык ырчы Ани Лорак 2016-жылы «Удержи моё сердце» деген ырды аткарып чыккан. Ырдын сөзү да, обону да Макс Барских аттуу украиналык таланттуу ырчы, обончуга таандык. Арадан 2 жыл өтпөй биздин жигит, тагыраагы, ырчы Жоодарбешим «Унутам» деген ыр жаздырып, анысына клип да тарттырды. Эң кызыгы, ырдын сөзү да, обону да Жоодарбешимдики экен. Бирок Анинин ырын унута электер көп да. Дароо эле ырдын обону, аранжировкасы да Ани Лорактыкына коёндой окшош экенин жазып чыгышты. Андан да кызыгы, Ани Лорак менен Жоодарбешимдин клибинин сюжеттеринде да окшоштуктар бар. Түшүндүрө кетсек, украиналык ырчынын клибинде кыздын сүйгөнү башканы алып жатканда кыз барып 2 жашка бакыт каалайт. Ал эми Жоодарбешимдикинде жигиттин сүйгөн кызы башкага турмушка чыгып жатканда жигит 2 жашка бакыт каалайт. Эми эмне дейбиз, музыкада го 7 эле нота бар дейли, жок дегенде клипти тарттырарда идея жагынан изденсек жакшы болмок…

«КЫЗДАР, АЙ». АВТОРУН ЖАЗГЫЛА КЫЗГАНБАЙ…

Өзбек ырчысы Ziyoda 2015-жылы «Ikkimiz» деген ырды ырдап чыккан эле. Өзбек ырчысыныкына обону да, аранжировкасы да окшош ырды 2016-жылы кыргыз ырчы мырзалары Ильяз Абдыразаков менен Аваз Акимов «Кыздар, ай» деп ырдап чыгышты. Жигиттер 2018-жылы бул ырга клип да тарттырганга жетишти. Кыздар жөнүндө ырдап жатышса кыздарга кантип жакпасын? Атүгүл өзбек кыздарга, тагыраагы, ырдын автору Ziyoda`га жагыптыр. Ziyoda социалдык тармактардын бирине Аваз менен Ильяздын «Кыздар, ай» ырын, ой, өзүнүн ырынын кыргызча вариантына тартылган клипти жүктөп купулуна толгонун, анын ыры башка тилде жаңырып жатканына кубанычта экенин жазды. Бирок… Биздин жигиттер ырдын автору ким экенин белгилешкен эмес.

«ЖАКТЫРГАН КЕРЕМЕТ». INDILA БИЛСЕ НЕ ДЕМЕК?..

Франциялык ырчы Indila 2013-жылы «Derniеre Danse» аттуу ыры менен француз чарттарында эле эмес, дүйнөлүк чарттарда «бум» жараткан. Бул ырдын авторлору Indila жана анын жолдошу, аранжировкачы DJ Skalp. 2017-жылы ырчы айым Айгүл Чалова «Жактырган керемет» деген аталыштагы ыр жаздырды. Айрымдар «ай-ий, сонун ыр болуптур» деп тамшанышты. Кээ бирөөлөр «бул деген плагиат, француздардыкы» деп чыгышты. Чындап эле Айгүл айымдын ыры Indila айымдын ырына, аранжировкасына чейин тамчыдай окшошуп калган. Кыргыздар француз тилин түшүнбөйт дештиби, же французча ыр укпайт дештиби, айтор, бул ырдын обонун Айгүл жана Рамис жазган деп жүрөт. Ой, тобоо, француздарда да Айгүл, Рамис деген аттар бар беле?..

«АДАШКАН СҮЙҮҮ». АВТОРГО КҮЙҮҮ…

2013-жылы орусиялык ырчы Дима Билан «Часы» деген ырды ырдап чыккан эле. 4 жылдан кийин, тагыраагы, 2017-жылы KG Эльмурат «Адашкан сүйүү» деген ырды ырдап чыкты. Бул ырды жакшылап тыңшап көрсөңүз кайырмасына келгенде «кайдан уктум эле?» деп өзүңүзгө суроо узатасыз. Жообу бул ырдын кайырмасы Дима Биландын «Часы» деген ырынын кайрыктарына окшош. Сааттар сабалап учса эле угармандар обонун унутуп калбайт да. Дима Билан ырдаган ырдын сөзү жана обону Сергей Ревтов деген музыкантка таандык. Ал эми «Адашкан сүйүүнүн» обону, автору KG Эльмурат өзү деп жазылып жүрөт, же адашкан сүйүү тууралуу ырдап жатып авторунан да адашып калганбы, белгисиз. Жок дегенде KG Эльмурат обонуна Сергейди авторлош кылып кошуп койсо жакшы болмок экен…


«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ

Кыргызда «бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дейт эмеспи. Жогорудагы аты аталган ырлардын окшоштугу бар же жоктугун билүү үчүн музыканы жакшы түшүнгөн адамдарга кайрылдык.

Өктөм Сапар уулу, ырчы, аранжировкачы: «БИРИНЧИ АВТОРУНАН УРУКСАТ СУРАШ КЕРЕК»

– Айгүл Чалованын, Жоодарбешимдин ыры боюнча айтсам, булар чет элдик ырларды атайын көчүрүшкөн. Авторлору катары эмнеге өздөрүн жазып койгонун билбейм. Билбей калат деп ойлошкон окшойт, бирок билинип калган. Катуу айтканда уурдап эле алган. KG Эльмураттын ыры боюнча айтсам, алар деле Дима Биландын ырынан атайын алгандай сезилип жатат. Бирок бир чети дал келүү деген бар да. Обондорду атайын окшоштурбасаң да кээде окшошуп калышы мүмкүн. Ильяз Абдыразаков менен Аваз Акимовдун дуэти боюнча өткөндө Ziyoda баракчасына жазган. Менин баамымда биздин жигиттер өзбек ырчысынан сурабай эле ырдашкан экен. Чет элдик ырларды которуп, авторун өзү кылып жазып алгандарга оюм терс. Биринчиден, бирөөнүн эмгеги, экинчиден, баары бир билинип калат. Кимдин ырын алса ошонун авторун жазыш керек. Бизде, мисалы, казактардан которсо «обону казак элиники»деп жазып коюшат. Аны эл жазган жок да, ырдын автору бар. Авторун тактап жазыш керек, биринчи авторунан уруксат сураш керек. «Билбей калат» деген болбойт. Биздин деле ырларыбызды башкалар айтпай-дебей ырдап алышса жинибиз келет да.

Жамиля Муратова, ырчы, композитор: «ӨЗҮН СЫЙЛАБАГАНДАР ЭЛДИ ДА СЫЙЛАБАЙТ»

– Өзүн-өзү сыйлаган ырчылар, чыгармачылык менен жолун туура багыттай алган инсандар мындай тайкы ишке барбайт. Түшүнүгүн өзгөртүшсө, чыгармачылык жолу чыныгы профессионалдуу болот. Мындай көрүнүш – элди алдамай. Уят эле. «Калптын казаны кайнабайт», ушуну жүрөк менен тутуш керек. Өзүн-өзү сыйлабагандар, элди да сыйлабайт. Чыгармачылык изденүү жок. Жеңил-желпи мамиле кылуу дейм. Жогорудагы ырларды уктум, сыйрып каптап койгондой окшош, болгону сөзү кыргызча. Уят! Өкүндүрдү. Эми муну чоң бир трагедияга айлантпайбыз да. Таланттуу эле жаштарыбыз го. Ар бирине эжелик, чыгармачылыкта тажрыйбалуу инсан катары өз сөзүмдү айтууга милдеттүүмүн. Буйруган убакытта сөзсүз айтам.

Мухтар Атаналиев, ырчы, обончу: «ЖЕ ӨЗҮҢ ЖАЗЫШЫҢ КЕРЕК, ЖЕ АВТОРУН АЙТЫП КОЮШ КЕРЕК»

– Ырларды уктум, обондору окшош экен. Эми бул башка элдин ырын алып ырдоо бардык эле элде бар. Мисалы, башка кеп, эгерде башка музыкаларды угуп, жакшы көрүп таасирленип дегендей, кээ бир кайрыктары окшошуп калат. Бизде да болгон, чыга электе байкап калсак аны өзгөрткөнгө аракет кылчубуз. Бирок түзмө-түз көчүрүп алып, меники деген болбойт го. Өз деңгээлиңди эле билдирип коёсуң. Миңдеген ыр жазып, бирок бир да кайрыгы башкага окшобогон обончулар бар. Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев жана башкалар. Же өзүң жазышың керек, же авторун айтып коюш керек, мисалы, орус эл ыры деп эле….

Каныкей Эралиева, ырчы, композитор: «АЗЫРКЫ ЖАШТАРЫБЫЗДА УЯТ ЖОК БОЛУП КАЛДЫ»

– Ырларды уктум. Уят эле. Тилекке каршы, азыркы жаштарыбызда уят жок болуп жатат. Бул нерсе плагиат деп аталат. Ырдын авторлору уурдап алганы үчүн эл аралык сотко берип, көп суммадагы айып төлөтүп алышы толук мүмкүн. Мындай окуялар болуп келген. Чыныгы чыгармачыл адам мындай нерседен качат. Обон деген жүрөктөн чыгат. Эгер өздөрү обон жаза алышпаса, анда «баланчанын ыры» деп авторун жазып коюшпайбы. Анча-мынча окшоштук болушу мүмкүн, бирок 100 пайыз көчүрүп алуу бул бети жоктук деп эле ойлойм. «Ким билмек эле?» дешет, бирок бул нерсе бат эле билинип калат.

Булак: Супер Инфо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу