Облус жетекчиси кадырман карыларды куттуктады

Бүгүн, Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев карылар күнүнө карата улгайган адамдарды куттуктады. Өкүл алгач эле, Сузак районундагы улгайган жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги мекемесине барып, карылар күнү менен куттуктап, акчалай жардам көрсөттү. Андан соң, Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгын тургуну 100 жашка толгон Сонунбү Эримбетова жана Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн жашоочусу 108 жаштагы Саламатхан Исмаилова энелерден кабар алып, белектерин тапшырды. К. Сатыбалдиев: «Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын тунук акылы келечек муун үчүн мыкты кеңеш болот. Биз улгайган адамдарды ар дайым колдоого алышыбыз керек»-деп белгилесе, кадырман карылар облус башчысынын келгенине ыраазычылык билдиришип, алакан жайып, ак тилектерин айтышты.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу