Нью-Йорктогу уюм Текебаевдин иши боюнча баяндама жарыялады

“Евразиялык демократиялык демилегелер” деген уюм Кыргызстанда коррупцияга байланыштуу айыпталып, азыр сегиз жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин ишин терең иликтеген атайын баяндамасын жарыялады.

Анда оппозициячыл ишмер “саясий жүйө менен эркинен ажыратылып, анын ишин кароодо адам укуктарын коргоого кепилдик берген улуттук мыйзамдар менен эл аралык нормалар бузулганы» мисалдар менен келтирилген.

Аталган уюмдун директору Питер Залмаев 22-августа “Азаттык” радиосу менен маегинде:

— Бир айдын ичинде Варшава ЕККУнун Демократиялык институттар жана Адам укуктары бюросунун кезектеги сессиясы болот. БУУнун комитеттеринде, анын ичинде Кыйноого каршы комитетте Кыргызстандагы иштер талкууланат. АКШнын Мамлекеттик департаментинин эмки жазда жарыялана турган адам укуктары боюнча глобалдык баяндамасында Текебаевдин иши камтылат. Эгер Кыргызстанда Текебаевдин иши кайра каралбай, ушу бойдон калса кыргыз өкмөтүнүн эл аралык бедели бир топ эле жабыркайт, — деп белгиледи.

Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов “Мегаком” компаниясына байланыштуу «орус ишкеринен бир миллион доллар пара алган» деген айып менен ар бири 2017-жылдын жайында сегиз жылдан абакка кесилишкен.

Саясатчылардын өздөрү жана алардын жактоочулары бул ишти мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “саясий куугунтугу” деп баалаган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы быйыл Текебаевдин адвокаттарынын ишти “жаңы жагдайлардан” улам кайра кароо жөнүндөгү өтүнүчүн четке каккан.

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев 31-июлдан тартып №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборуна убактылуу которулуп, дарыланууда.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу