Нышановдун логикасында жер каймактагандан бери Атамбаевдикиндей башкаруу, Исаковдукундай өкмөт болбоптур

Мезгилине жетпей төрөлгөндөрдү кыргызда “ара төрөлдү” деп коёт эмеспи. Анын
сыңары жаңы өкмөт бекий электе эле “эрте төрөлүп” алгандар чыкпадыбы, чиркин. Алардын логикасына таянсаң өмүрү, жер каймактагандан бери Атамбаевдикиндей
башкаруу, анан Исаковдукундай өкмөт болбоптур. Анан да кызыгы бул “итийлердин” (ара
төрөлгөндөрдү ушинтип да атап коюшат) иттей дымагы күчтүү экен. Көздөрү да туула
электеле ачылып, антенна кармап алышыптыр. Мисалы, “Ата Мекен” фракциясынын
мүчөсү Сайдулла Нышанов деген эргулдун логикасында, 25-августа өкмөт башчылыкка
талапкер Сапар Исаков парламентте 60% колдоо алса, анда президенттикке талапкер
Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо жеңишке жетишет экен. Исаков 99 пайыз
колдоо тапты. Ошондо Сооронбай Жээнбековду президент дей берелиби? Же Исаков
Жээнбековду президент кылыш үчүн эле премьерликке келип атабы? Анда мамлекеттик
машина иштебейт деген сөз кайда калат, Сайдулла баатыр? Же ушинтип сүйлөштүңөр
беле?

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу