Нурсулу Ахметова президенттин аппаратындагы кызматынан бошотулду

Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова кызматынан бошотулду. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жарлыкта Ахметованын башка кызматка өткөнүнө байланыштуу иштен бошотулганы кабарланган.

Нурсулу Ахметова мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунан бери бул кызматты ээлеп келген.

Учурда камакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаттары Ахметованы суракка алууну сунуш кылып тергөө органдарына кайрылышкан.

Адвокаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевге “ТВЕА компаниясынын баа боюнча сунушу өзгөчө белгиленди” деген Сапар Исаковдун кызматтык каты мурдагы өкмөт башчысына айып коюуга негиз болгонун белгилеп, ал катка Нурсулу Ахметова да кол койгонун билдирген.

Буга байланыштуу азыркы президенттин командасынын мүчөсү болгон Нурсулу Ахметова да суракка чакырылышы керектигин айтып чыгышкан.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу