Нурсултан Азыкбаев Аяна Касымованы кызганбайбы же алар эки ажырым жолго түшүштүбү?

Жаш ырчылардын катарын толуктаган, ошол эле учурда кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн Аяна Касымова менен Нурсултан Азыкбаевдин мамилеси талкууга алынууда. Буга себеп Аяна (өзүнүн айтканы боюнча) тайпалаш дос баласы менен кучакташып түшкөн сүрөттөрү жана ырдаган ырлары.

Акыркы учурларда Аянанын инстаграм баракачасынын астындагы досу менен түшкөн сүрөттөргө «Нурсултан кызганбайбы?», «силер сүйлөшпөй калдыңарбы?», «ачыгын айтпайсыңарбы?» деген өңдүү пикирлер жазып калтырыла баштады. Буга кошумча сөз болуп жаткан Карим аттуу жигиттин да жеке баракчасында Аянанын сүрөттөрү бар жана ал аларга «жаным» деген сөздөр менен баяндама жазган. Ал эми Касымова «алтыным» пикир калтырып араң турган хейтерлердин чырагына май тамызган.

Бирок Аяна Касымова да Нурсултан Азыкбаев да бир ооздон:

«Биз чыгармачыл адамдарбыз, туура эле көз караштабыз», -деп маалымат беришкен.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу