Нурнуска Кадырова: «Акун пансионатында мен дагы чөгүп кете жаздагам, аябай кооптуу жер!»

Мындай пикирин, Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Нурнуска Кадырова жазып чыкты:

Шалаакылык

Уланбектин чөккөнү көз алдыма баары келип турат, көзүм ачык эмес өз башыман өткөн «Акун» пансионатында ортодон түшкөндө оң тарабында суунун жээгинен бир аз жүргөндөн кийин терең чуңкурчалар бар, басып баратып эле түшүп кете турган, мындан 10 жыл мурун болуш керек ошол жерден чөгүп кеткенге аз калган, суунун жээгинде эле бутумду коюп кайра туруп, сүзүп жүргөм, кайтайын дегенимде эле шуу этип эле ылдыйлап түшүп кеткем, жакшы эле сүзчүмүн чыгып кетем деген аракетимен суу күчтүүлүк кылып, күчүмдү ала баштап, жолдошумдун атынан чакыра баштадым, күчүм кетип калгандыктан үнүм алыстагыларга угулбаптыр, жээкте бирөө байкап калып тиги кыз чөгүп жатат окшойт дегенде жолдошум билип чуркаптыр, ага чейин жакында турган бир орус айым тартып чыгарып алды, ошондо эле охрана куткаруучулар келген айтылган эскертилген, ушундай чуңкурчаларга белги койбойсуңарбы деп. Бул окуяны жазгым келген эмес бирок элдердин ашыкча күнөөгө батышын каалабадым, энелердин ашыкча ыйлабашын каалайм, ар бирибиздин балдарыбыз бар өздөрүнчө эс алгысы келген, кайдыгерлик кылбай ар бир пансионат текшерилсин, коопсуздук жагы каралсын, өзгөчө Акун мен кунөөлөгүм келбейт, бирок бул чындык көрсөтүп да берем ошол чуңкурчаларын, канча жылдан бери эмнеге ошого жок дегенде белги коюп коюшпайт. Суу тилсиз жоо дегени чын экен, канчалык аракет кылсаң да бутуңдан күч менен ылдыйга тартып туруп алат экен, аны жеңе албашыңды да сезет экенсиң бирөөнүн жардамысыз, Улан киши колдуу болду, эмнеге жардамга чакырбады деген сөздөр болуп жатат, мен ойлойм, мага окшоп өзү аракет кылган го, алдан тайганда үнү да чыкпай калган болуш керек, коштошконго да жетишти баарың менен мен билем мен да ошенткем, ажалым жеткен эмес экен куткарып калышкан.Чыныбай Турсунбековго жеткириңиздер достугунда барлар бул чындык көзөмөлгө алсын,-дейт ал.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу