Нурмухаммед Миңбаев: «Президенттин 2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык айылдарын таза суу менен камсыз кылуу демилгесин толук колдойбуз!»

Президент Сооронбай Жээнбеков, 2024-жылга чейин айылдарды таза суу менен камсыз кылуу керектигин айткан. Президенттин демилгесин улай, «Ас-Салам» Коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев бир канча таза суу чыгаруу долбоорлору алыскы аймактарга жете турганын билдирди.

«Кыргызстан суунун мекени. Бирок эл таза суу менен толук камсыздала элек. Ошого байланыштуу, президент Сооронбай шариповичтин 2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык айылдарын таза суу менен камсыз кылуу демилгесин толук колдойбуз»,-дейт Н.Минбаев. “Ас-Салам” кайрымдуулук фонду өлкөдөгү таза суу көйгөйүн чечүү багытында 2018-жылы 5 беш миңден ашык жер алдынан сордурулуп чыгарылган таза суу түтүкчөлөрүн жана 52 элү эки айылды толук таза суу менен камсыздаган. Алар, Ош облусунун Араван районуна караштуу Гүлбар айылында он сегиз миң кишиге ылайыкташтырылган суу түтүктөрү орнотулуп, таза суу киргизилди. Учурда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылы, Ысык-көл облусу, Кара-ой айлыы,Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылы, Жаңы-Жер, Васильивка, Виноград айылдары таза суу менен камсыз кылынууда. Жалпысынан 52-айылды таза суу менен толук камсыз кылды.

Кайрымдуулук фондунун жетекчиси, 2019-жылы элди таза суу менен камсыз кылууда, алыскы айылдарды кыдырып чыгып, таза суу тартыштыгын жоюуну алдынкы пландарга койгонун кошумчалады.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу