Нурмат Садыров, ырчы: «Үйлөнөм деп көзүм жеткен кыз болсо, алгач апам менен тааныштырам»

«Ак өргөөлүү болдум. Жакшылыгымды сиздер менен бөлүшкүм келди. Эненин ыраазычылыгын алмайынча баланын иши алга жүрбөйт. Үйүмдү апама белек кылдым»
— Нурмат, ак өргөөң кут болсун! Үй алууга качантан бери ниет кылып жүрдүң эле?
— Үй алууга ниет кылып, эч кимге айтпай сыр кылып акча жыйнап жүргөнүмө бир жыл болгон. Бул планымды үйдөгүлөр да билчү эмес. Жакындарым: «Ырдап атың чыгып, каражат тапканга мүмкүнчүлүгүн болуп турат, үй алып ал», — деп айтып калышчу. Алардын кеңешин туура көрүп бир жыл мурун банктан өзүмө эсеп ачып, тапкан акчамды сарамжалдап чогулта баштагам. Үйдү баягыда Бишкекке концерт берердин алдында эле алмакмын, бирок акчамды концертке жумшап коюп артка жылып кеткен. Андан кийин аракет кылып толуктап, жакында Жал кичирайонунан эки бөлмөлүү батир сатып алдым. Аны эки досум гана билген, жакындарымдан эч ким билбейт эле. Ичине да өзүм эмерек сатып алып даяр кылып, ошондо гана: “Көрүп коюңуз”, -деп эжемди чакыргам. Ал да таң калып калды. Анан апама сюрприз кылайын деп байкемдерге: «Нурмат кафеге чакырып атат», — деп алып келиңиздер дегем.
— Сюрпризиң апаңды өзгөчө кубанычка бөлөсө керек?
— Ооба, башкача толкунданды. Мен апама сюрприз кылганды жакшы көрөм. Апама арнап ыр жазганымда да өзүнө айтпай концертте эл алдында ырдагам. Ал ырга клип тартканда да апамды туулган күнүмө чакырып, клибинин ачылышын кылгам. Менин бир тууган агаларымдын баары үй-жайлуу болуп

Калышкан, үйдүн эң кенжеси менмин. Андыктан үй алып апама белек кылсам, апам төрүмдө олтурса деп тилек кылчумун. Кудай тилегимди берди.
— Мурда сен ким менен турчу элең?
— Негизи агаларымдын баары шаарда жашашат. Бирок алар жаңы конуштарда жашагандыктан, мен өзүмө ыңгайлуу болсун деп шаардын борборуна батирге чыгып алгам. Өзүм жалгыз жашачумун, үйгө кеч барып же барбай эле, көп учурда убактым ыр жаздыруучу студияда өтчү. Азыр апамдар үйдө болуп, үйүм толуп кубанып калдым. Качан барбайын кийимдерим үтүктөлүп илинген, апамдын ысык тамагы даяр, чогуу сүйлөшүп тамактанып, кенен уктап, өз үйүмдө мемиреп эс алып калдым.
— Ата-энеңди качан келиндүү кылганы турасың?
— Ата-энем дагы: “Үйлөн”, — деп айта башташты, эми жакшы кыз табыш керек болуп атат. Айланамда жакшы кыздар бар. Бирок келечектеги жубайым катары элестетип, кыздар менен жакындан олуттуу сүйлөшүп көрө элекмин. Максаттарым акырындан орундалып келе жатат, буюрса, ал күн деле келерине ишенем.
— Эми үйлөнгөндө да, балким, апаңа сюрприз кылып алып келерсиң?
— Жок, үй-бүлө куруу деген олуттуу нерсе го. Андыктан апамдар менен кеңешип, алгач тааныштырып, бири-бирин жакындан билгенге мүмкүнчүлүк түзөм. Эне деген баарын билет эмеспи, апамдын купулуна толгон кыз жаман болбойт. Эми үйлөнөм деп көзүм жеткен кыз болсо, алгач апам менен тааныштырам. Ага чейинки планым студия ачып койсом деген ниет болуп атат. Бардык ишти алгач пландап алып анан жасайм, Жараткан ниетке жараша берет экен, акырындан ишке ашып келе жатат. Башында музыкант болуп эле кафелерде ырдачумун. Ошондо музыкант болуп эле калып кетпей, ырдап чыгайын деп аппаратурамды сатып жиберип, акчасына бир клип

тарттыргам. Үйгө келсем байкем: «Ушунча иштеп тапкан аппаратураңды сатып, бир эле клип тартып келдиңби?» — деп урушкан. «Байке, көрөсүз го жакшы болот», — дегем, ошол «Сүйгөн жүрөк» аттуу клибим теледен кетип, акырындык менен чыгып кеттим.
Нурматтын апасы Тажибаева Базаркүл: «Эне үчүн баланын ийгилигинен өткөн жагымдуу нерсе жок»
— Базаркүл эже, баланын ийгилиги ата-эне үчүн чоң кубаныч эмеспи, учурда бактылуу болуп турган кезиңиз болсо керек…
— Эне үчүн баланын амандыгынан, ийгилигинен өткөн жагымдуу нерсе болбойт экен. Мен азыр балам үчүн кубанып олтурган кезим. Чынында Нурматтын үй ала турганын билген да эмесмин. Үйүнө чакырган күнү улуу балдарыма: «Апама айтпай эле алып келгиле», — дептир. Чоң уулум бир күнү: «Нурмат кафеге чакырып жатат, сүйлөшкөн кызы менен тааныштырат экен», — деп калды. Ал деле мен үчүн күтүлбөгөн жаңылык болуп, сүйлөшкөн кызы бар турбайбы деп кийинип жөнөп калдым. Жолдон эки келиним: «Кур бармак белек», — деп шыбырашып дүкөнгө кирип калышты. Кафеге барсак эмне алышат деп таң калып, улуу неберемден сурасам, ал: «Нурмат байкем «Сага» деген ырына клип тарткан, ошонун ачылышы болот экен», — деди. Келиндерим торт, майда-чүйдө көтөрүп чыгышып Жалга үйлөрдүн арасына бардык. Ал жерде кызым тосуп туруптур. Клиптин ачылышы ошол жакта болот окшойт деп унчукпай бара бердим. Подъездге киргенде эле Нурмат: «Апа, үй кут болсун! Сизге сюрприз кылайын деп айткан эмесмин, үй алдым», — деп чыгып калды. Келиндерим чачыласын колуна карматышты: “Ак жолтой үй болсун!” — деп чачып калдым. Эки жума мурун эле алган үйүн даярдап, дасторкон жасап коюптур. Ичиндеги килем, айнек пардаларынан бери жакшысынан тандаптыр.

— Азыр жаңы үйдө балаңыз менен турбайсызбы?
— Ооба, мени көчүрүп келген. Мурда Нурматты бир айда бир көрсөк көрчүбүз, болбосо телефондон эле кайда жүргөнүн сурап койчубуз. Азыр күн сайын чогуубуз. «Апа, кафеден тамактанчу элем, сиздин тамагыңызга эч бир тамак жетпейт», — деп кубанып атат. «Там алдың, эми үйлөн», — деп атам, эмки жылы отузга чыгат да.
— Нурмат жаш кезинен өз алдынчалыкка көнүп чоңойгон экен, бул нерсе тарбиядан болсо керек?
— Айылда жумуш жок. Атасы мал-ал, чарбачылык менен алектенчү. Бир мугалимдин айлыгы менен төрт беш-баланы бактык. Ал арзыбаган айлык эч нерсеге жетпейт. Балдарыма туура тарбия берип, окутуп чоңойтуп койдук. Кыргызда: «Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү», — деген сөз бар го. Балдарымды канча азап-тозок менен чоңойттум, эми төрлөрүндө сый көрүп олтурам. Нурмат шаарга келгенден кийин кафелерде иштеп акча таап, окуусунун контрагын төлөп, ачка-ток болуп өз жанын өзү бакты. “Чоң сахнага чыгып ырдасам”, — деп тилек кылчу. Кудайым буйруп тилектерине жетип атат. Балдарынын жакшылыктарын көрүү — ата-эне үчүн чоң сыймык.
— Токтогулдан Бишкекке көчүп баса бердиңиздер беле?
— Балдардын баары шаарга баса беришип, атасы экөөбүз эле калганбыз. Анан: “Балдардын жанында бололу”, — деп биз да баса бергенбиз. Бишкекке келип өз кесибим менен мугалим болуп иштейин десем мугалимдин айлыгы жарытылуу деле эмес да, андан көрө неберелеримди багайын дедим. Азыр улам кичинелерин багып олтурам. Шаарга көнүп калдык, неберемди мектепке алып барып, алып келип балдарыма жардам берип атам. Нурмат үйлөнсө да балдарын багып, небере жыттап олтурсам ошол чоң бакыт.

 

Динара ЧОКОЕВА

БУЛАК: Ledy.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу