Нурмат Садыров, ырчы: «Ал кыздын сүрөттөрүбүздү жарыялап жиберишин кайдан билиптирмин…»

Ырчы Нурмат Садыров менен чогуу сүрөткө түшкөн кыз  интернет баракчасына жүктөп, «бактылуумун, Кудайга шүгүр!»-деп жазган. Мындай сүрөт интернет айдыңына тарап, көпчүлүк «Нурмат түгөйүн таптыбы?»-деген суроону берип башташты. Буга жооп бербесе болбой тургандыгын сезген ырчы сүрөт тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине мындай деп жооп берди:

«Ал кыз күйөрманым болот, аты Айтолкун. Ал эми сүрөткө менин туулган күнүмдө түшкөнбүз. Туулган күнүмдө «сизге белегим бар, кабыл алып коюңузчу» деп суранган. Аны менен жолукканымда «сүрөткө дагы түшүп коёлучу, суранам» дегенинен түшүп койгом. Ал кыздын сүрөттөрдү жарыялап жиберерин кайдан билиптирмин. Айтолкундан тышкары 4-5 күйөрманым менен жолугуп, сүрөткө түшкөм. Алар сүрөттөрдү жарыялаган жок.

 Айтолкун карындашым экөөбүздүн ортобузда сүйүү мамилеси жок. Андай болушу дагы мүмкүн эмес. Менимче, ал кыз мени менен чогуу түшкөн сүрөтү аркылуу өзүнө пиар жасап жатса керек», — дейт ырчы.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу