Ырчы Нурлан Насип келинчеги Асел Кадырбековадан түн ичинде токмок жегенин өздүк баракчасына жазып, сүрөтүн да жүктөгөн. Анда, «Түндө үйгө кеч келдим эле, келинчегим ушундай кылып бетимди түздөп койду»-деп билдирүү калтырган. Ырчы мырзанын жазып чыккан бул билдирүүсүн интернет колдонуучулар кызуу талкууга алып, өздөрүнүн пикирлерин байма-бай жазышууда. Кээ бири , «Койчу ай, Аселдин колунан келмек беле?»-десе, дагы бирөөсү, «Ырас эле болуптур, эми үйүңө эртерээк бар»-деген сын-пикирлерин жаадырышууда.
БУЛАК: argument.kg