Нурлан Насип эми көз көрүүсү начарлаганын кабарлады: «Көзүңүздөрдү абайлаңыздар…»

«Нурлан Насиптин көрүүсү начарлап кетиптир» деген өңдүү түрдүү ойлор менен ырчынын күйөрман кыздары түшөлүп жатышат. Мунун баарына Нурлан Насиптин инстаграм баракчасындагы акыркы посту себеп болду. Постто ырчы көз айнекчен сүрөтүн жүктөп:

«Ошентип көз айнекчен болуп калдым, көзүңүздөрдү абайлаңыздар», -деп баяндама жазды.

Пост чыгаары менен ырчынын күйөрмандары анын ден-соолугуна санааркашып «эмне болду көзүңузгө», «телефондонго, азырак кармаңыз», «сизди кандай болсоңуз деле сүйө берем» деген өңдүү пикирлерин жазып калтырышты. Айрымдар кеңештерин берүүгө да жетишти.

Эске салсак, Нурлан Насип акыркы учурларда интернет баракчаларынан чындыгында көпчүлүк учурда көз айнекчен сүрөттөрүң жүктөп калган.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу