Нурлан Насип, ырчы: «Негизи кыргыз эли «сынчы» калк келебиз…»

Негизи социалдык тармактардагы хейтерлердин миңдеген билдирүүлөрүн окуп чыгуу үчүн убакыт керек. Менин андай убактым жок. Мен хейтерлерди кандай элестетем? Алар күнү бою оокат-ашын кылбай кечке интернетти аңдып отурган бекерчи адамдар болуш керек. Алар менен күрөшкөндүн пайдасы жок. Негизи кыргыз эли сынчы калк келебиз, ырчыларды эле эмес, спортчу, саясатчы, башы чыгып көрүнгөн бардык эле адамдарды жамандап жатышпайбы, биз эмне болуп калыптырбыз. Анан да адам ийгиликке жетип баштаганда хейтерлер көбөйөт экен. Мен хейтерлердин чектен ашкан аракеттерине кабылган эмесмин, кабылсам деле көңүл бурбаганга аракет кылам.

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу