Нурлан Насип тойго даярданып жатабы?

Нурлан Насип кечээ, 26-июнда Россиядагы гастролунан келер замат «Жеңеке» аттуу ырына клип тарта баштады. Бул тууралуу Нурлан 5news.kg маалымат порталына билдирди.

Анын айтуусунда клип үлпөт тойдо тартылууда.

«Жеңелердин образын кыргыздын тойлорунда көп көрүүгө болот. Ошол себептен клипте айыл жериндеги тойлор чагылдырылып, андагы  жеңелердин ролун көрсөтүүнү көздөгөн»,-дейт ырчы жигит.

Ырчы клиптин режиссеру Эрнис Сыдыков экенин да кошумчалады.

Булак: 5ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу