Нурлан Насип карындашын турмушка узатты

22-август күнү борбордогу тойканалардын биринде ырчы Нурлан Насип Чолпон аттуу эрке карындашын турмуш жолуна узатты. Алгачкы ирет кайнага статусуна ээ болгон ырчы бул тууралуу: “Карындашым Чолпонду кыргыздын кыз узатуу салты менен колдон узатып жатабыз. Биздин көкүрөк күчүгүбүз болгондуктан баарыбыздын ичибиз ачышып жатат. Күйөө балам Айбек Ысык-Көлдүн кулуну болот. Тойдо жубайым Асель жеңелик милдетин аткарып жүрөт”, — дейт. Тойго Нурландын сахналаш достору Нурмат Садыров, Данияр Эрматов, Алмаз Шаадаев, Нияз Абдыразаковдор шаң кошушту.

Булак: Супер Инфо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу