Нурлан НАСИПтин апасы КОЖОМУРАТОВА Тамара эже: Алынуучулардын кезеги келинге жетиптир. Балам качан кааласа, менин ак жоолугум даяр.

Кыргыз эстрадасынын жаш өкүлү Нурлан Насип келишимдүү келбети, жагымдуу ырлары менен жаш болсо да сахнадан өзүнүн татыктуу ордун тапкан ырчы. Миңдеген күйөрмандардын сүйүктүү ырчысы Нурлан Насиптин балалыгы, өспүрүм курагы жөнүндө, деги эле сахнага чейинки Нурлан кандай болгондугу тууралуу апасынын оозунан угалы.

– Алгач эле кичинекей Нурланды эстеп көрсөңүз?

– Нурлан кичинекей кезинде жанда жок эрке бала болчу. Карындашы андан сегиз жашка кичүү. Ал төрөлгөнгө чейин Нурланды эркелетип, ата-энеси да, улуу байке, эжелери да анын айтканын эки кылчу эмеспиз. Биз кайда барсак, кошо ээрчип барчу. Атасы экөөбүз камынып атканыбызды байкаса бизден мурда даярданып, жолдун боюнда күтүп турчу. Кенедей кезинен ырдаганды абдан жакшы көрчү. 1-класска баргандан баштап эле мектепке кетип баратканда да, келе жатканда да көчөдө кыйкырып ырдап жүрчү эле. Анын үнүн алыстан эле таанып “Нурлан баратат”, “Нурлан келатат” деп калчубуз. Бек Борбиевдин “Чабалекей” деген ыры Нурлан 1-класска кирген жылы чыккан эле. Бул ырды жакшы көрүп жаттап алып, ошондо эле оозунан түшүрбөй ырдачу. “Алиппе майрамында” дагы ушул ырды ырдаган. Эми болсо ырчы болуп “Чабалекейди” сахнадан ырдап калбадыбы.

– Мектеп чогулуштарынан уулуңуз үчүн кандай кептерди укчу элеңиз?

– Нурлан 9-классты аяктап, мектептен кеткенге чейин ал үчүн жаман сөз уккан күнүм болгон жок. Өзүм мектепте башталгыч класстардын мугалими элем. Нурланды гана эмес, бардык эле балдарымды мугалим катары жакшы тарбияладым. Балдарым апасын мектептен уят кылып койбошу керек экенин жакшы билишчү. Мен Нурлан үчүн тескерисинче жакшы, сыймыктуу сөздөрдү көп уктум. 6-7-класстарына чейин класстын жигердүү окуучусу болуп келсе, кийин музыкага берилип, мектептин иш чараларында “Ямаха” ойноп берип, айтор, эжей-агайларына жаман сөз айттырган жок.

– Ырчылыкка болгон каалоосу качан ойгонду?

– Башында балабыздан ырчы чыгат деп деле ойлочу эмеспиз. Нурлан кичинекей кезинде “Акаев болом” дей берчү. Телевизордон Акаев чыгып калса чуркап барып экранга башын тийгизип, Акаевдин башы менен “сүзүшө” берчү. Эс тартканы эле ал жоругу калып, ырчылыкка болгон шыгы, кызыгуусу ойгоно баштады. Айылыбыздагы атасынын жакын иниси айылды музыкалык аппараттар менен камсыз кылып, тойлорунда ырдап берип жүрчү. Ал агасын ээрчип “Ямахада” ойногонду үйрөнүп, ырдаганга абдан берилип кетти. Ошол маалда окуусуна да, үйдөгү оокатка дагы анча карабай калды. Анан атасы “баламдын кызыгуусу күчтүү, ырчы болом деген кыялын ишке ашырып берели” деп 9-классты аяктаганда эле шаарга алып келип, музыкалык окуу жайга тапшыртты. Ошону менен эле ушул тармакка ооп кетти.

– Талант жагынан кимди тарткан?

– Ырчылык талант Нурландын канында бар. Атасы баш болуп атасы тараптагылардын баары ырчылар. Өзүнүн бир туугандары дагы жакшы ырдашат. Болгону алар элге гана чыкпай калышты. Антпесе комузда, гитара, кыякта ойношуп, Нурландан кем калышпайт.

 Уулуңузду биринчи жолу чоң сахнадан көргөнүңүз эсиңизде болсо керек, кандай сезимде болдуңуз эле?

– 2011-жылы биринчи жолу тушоо кесүү концертин бермек болуп чакырды. Токтогулдан атасы, карындашы болуп келдик. “Балам али жаш болсо, анан чоң сахнага чыгам деп алыптыр, эми кандай болор экен?.. Эл келбей койбос бекен?” деп абдан сарсанаа болуп аттым. Анан Кудайга шүгүр, эл жакшы келип берди. Менин жашыктык жайым бар. Жакшыбы, жаманбы бир нерсе болсо эле ыйлап калам. Баламды биринчи жолу сахнадан көргөнүмдө дагы абдан толкунданып, кубануу менен ыйлагам. Ал адатым дагы деле кала элек. Жаңы ыры чыкса да, телевизордо сүйлөп олтуруп калса да жашып кетем. Эне үчүн баланын кенедей жакшылыгы да чоң кубаныч болот турбайбы. Нурланым үчүн кубануу менен гана ыйлап турам.

– Уулуңузга кандай сын пикирлерди айтасыз?

– Ырчылыгына, чыгармачылыгына карата сын пикир деле айтпайм. Болгону акылымды гана айтып турам. “Балам, көппө, барды, жокту көтөрө бил. Баарына тегиз мамиле жасап көн. Жылдыз болдум деп учурашканды унутуп калба” деп какшап турам. Өзү динге абдан ишенет. Ошондуктан, баламдын түз жүрөөрүнө ишенем. Болгону тандап алган жолу кең болсо экен деп тиленем.

– Адатта кичүү баланы колго алып калышат эмеспи, Нурлан кичүү бала болуп айылда калбайм дедиби?

– Ырас, биз деле башында кичүүбүз катары Нурлан айылда калат деп ойлочубуз. Бирок, Нурлан ырчылыкты тандап алгандан кийин ал ойлорубузду өзгөрттүк. Чыгармачылыкка мынча аралашып калгандан кийин эми шаарда эле болот. Атасы, бир туугандары болуп Нурландын чыгармачылыгын абдан колдойбуз.

– Бала катары сизге кандай камкордук кылат?

– Нурлан жаңыдан ырдап чыга баштаган кезде биз ага жардам берсек, учурда бизге Нурлан жардам кылат. Колунан келишинче бизге берсем деп турат. Майрамдарда, туулган күнүмдө сөзсүз түрдө чалып куттуктайт, унутуп калдым демейи жок. Бирок, чынын айтсам, Нурлан арнаган чоң белекти элестете албай жатам. Дайыма “каалаганыңызды алып алыңыз” деп акчасын эле берип коёт. Анан мен ал акчаны чын эле каалаганымдай сарптап коём.

– Азыр айылга барганда оокат жасайбы?

– Албетте, Нурлан айылда эле өсүп-чоңойгон бала да. Айылга кайсы маалда барып калса, ошол мезгилдин иштерин бүт кылат. Баарынан да малдын алдын тазалап, короодо жүргөндү жакшы көрөт. Абдан таза. Короодогу кыкты дагы таптаза кылып, чыкыйта жыйнайт. Биздин үй айылдык мектептин жанында да, Нурлан сууга чыгып калса кичинекей балдар тегеректеп алышат же артынан ээрчип алышып “Нурлан Насип суу ташып жүрөт” деп кыйкырышат. Андайда балдардын жоругуна күлүп калабыз.

– Ырчынын апасы болгон кандай экен?

– Бул нерсе мага быйыл гана сезиле баштады. Айрыкча, айылдан Токтогулга келип калганымда “Нурлан Насиптин апасы экен” деген шыбырларды угуп, элдин карап атканын байкап калып жатам. Балам жакшы жагынан таанылып, элге белгилүү болуп, апасы катары мени сыйлап атышса, албетте, кубанычтуу болот. Улам сайын “ии, баламды эл жакшы таанып калыптыр, ырын угуп атышыптыр” деп санаам тынып калат. Баламды болсо айылыбыз толук сыйлап, “биздин Нурлан” деп турушат. Мунун баары мага сыймык.

– Уулуңуз тууралуу ушак кеп, жаман сөздөрдү укканда кандай реакция кыласыз?

– Башында абдан жаман болчумун. Балама жаман сөз ыраа көрбөй, маанайым чөкчү. Бирок, бара-бара бул нерсеге баарыбыз көнүп бара жатабыз. Ырас, балам тууралуу жаман кеп болбосо экен деп турам. Болсо, баарын баламдын өзүнөн угуп, чын-бышыгын билем. Шоу-бизнес деген ушундай кепке бай болот турбайбы.

– Качан келиндүү кылам деп жатат?

– Азыр ал тууралуу кеп баштай элек. Биз деле шаштырбайбыз. Жаңы баштаган ишин жолго салып алса, келиндүү да болорбуз. Өзү 25теримде үйлөнөм деп калат. Ошол убакытка эле барат ойшойт. Азыр бир жагынан чыгармачылыгы менен алек болуп, бир жагынан бутума туруп алайын деп жанталашып машинесин, үйүн алды. Алынуучулардын кезеги келинге жетип калыптыр. Эми балам качан кааласа, менин ак жоолугум даяр.

– Жаш ырчыларды улуулар жактыра бербейт. Улуу муун катары жаш ырчы Нурлан Насиптин ырлары сизге жагабы?

– Албетте, баламдын ырларын угам. Ал турсун атасы экөөбүз тең телефондорубузга Нурландын ырларын койдуруп алганбыз. Чындыгында, биздин кездеги ырлар, ырчылар башка болчу. Азыркылар менен аларды салыштырып болбойт. Баламдын дагы өз угармандары бар деп ишенем. Жакшыбы, жаманбы ырчылыкка аралашып, эмгек кылып жатат. Ошол эмгегин, аракетин сыйлайм.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу