Нурлан Мотуев президенттике аттанабы?

Сооронбай Жээнбеков президенттике ат салышат дегенди уккан Нурлан Мотуев, Соке чыкса мен дагы шайлоого  катышам деп даярдык көрүп жүргөнүн бизге өздүк булактарыбыз кабарлады.  Президенттик шайлоого барам, керек болсо каржы булагы дагы табылат деп жеңин түрүп катуу күүлөнүп аткан кези экен. Эгер Нуке ажолукка аттанса,  оппоненттерин теледебаттарда жарга такап, ыңгайсыз абалда калтырат. Бир кездерде  Токтотайым Үмөталиева, Жеңишбек Назаралиевдерди түз эфирде айлаларын кетирген.  Кыскасы кызыктар алдыда, жакынкы күндөрү өзү менен байланышып бул маалыматты тактайбыз..  Эмне дейбиз Нурлан Мотуевге ийгилик каалайбыз!

Булак: argument.kg    

Аргумент.kg
Жооп калтыруу