Нурлан Мотуев: «Жер байлыгыбыз элибизге иштей турган система киргизүүчү президенттикке талапкер мен болчумун»

Бир учурларда саясатта орчундуу маселерди көтөрүп, олуттуу сүйлөп эл алдында жүргөн
саясатчы Нурлан Мотуев акыркы учурларда саясат тармагында көрүнбөй кетти. Мындан
улам биз Нурлан Мотуевге байланышып, азыркы учурда эмне менен алек жана азыркы
саясатта болуп жаткан кырдаалдар тууралуу маек курдук.

-Акыркы күндөрү саясаттан алыстап кеттиңиз .
Азыркы учурда эмне менен алексиз?

-Саясаттан алыстаган жокмун. “ Мотуевди ММКларга
чыгарбагыла, интернетке да чыкпасын”- деген көрсөтмө
болгон го жогору жактан. Анткени, тиги түзөтүү мекемесине
келгениме туура 1 жыл болду. Жанагы Тимур Анаркулов
деген начальник сорой : “СМИлерге чыкпа !”-деп жармашты
да калды. Же өз демилгесиби биле албадым. Бирок, чоң
болобу же Тимурга окшогон кичине бийликпи, мени
ММКларга чыгарбай жатканы демек менин сөзүм күчтүү,
бийлик үчүн коркунучтуу экенин билдирет да. Жеп-
ичкендери билинбей калса экен деп атышкан го.

– Азыркы Кыргызстандагы саясий кырдаалга кандай
баа бересиз?

– Азыркы кырдаал эл өзү менен өзү, бийлик – оппозиция өзү менен өзү го дейм. Тышкы карыз 5
млрд. доллар болсо, идеологиясы жок эл бузулуп- каңгыса, бир да завод курулбаса, мен
мактанаарлык эч нерсе көрбөй турам.

– Сапар Исаковдун премьер-министр болуп келишине пикириңиз?

– Сапар Исаков тажрыйбасы кандай жигит билбейм. Бирок, бир окуясы эсте калды. 2012-жылы
февралда президент Атамбаев Москвага барып, орустар менен тең ата сүйлөшкөнүнөн көрүп, чынын
айтсам абдан таң калып, сүйүнгөнмүн. Баягы, ”Эхо Москвга” берген дүң болгон маегичи. Мен да
толкунданып, “Фабула” гезитине Атамбаевди мактап, интервью бергем. Бир бет кылып. Анан мен Ак
үйгө чалып Сапар Исаков менен сүйлөшкөм. Ал “Интервьюңду биз окудук. Шеф да окуду го”- деди.
“Жолугушуу уюштуруп бербейсиңби иним. Жердеш да экенсиң” -десем, ал : “Колумдан келбейт.
Аппарат уюштурат”- деди. Же чынында эле колунан келбеди го.

–Кыргызстанга кандай президент керек?

-Жер байлыгыбыз элибизге иштей турган система киргизүүчү талапкер мен болчумун. Тилекке
каршы, мага соттолгон деген макам илишип, шайлоодон четтетишти.

-Көпчүлүк элди сиздин жеке жашооңуз кызыктырат. Интернет тармагына колукту издеп
кастинг жарыялаган элеңиз. Учурда жеке жашооңуз кандай болуп жатат?

– Ал “кастинг” деген жөн эле шоу болчу. Чоң-кичине бийлиги биригип алып : “Мына Мотуев камалды.
Эми 7 жыл ММКга чыкпайт”- дей бергендерине каршылык кылып, “мына мен үйдө эле жүрөм.
Кааласам, каалаган жагыма чыгып коём”- деген менин кыжырларына эле тийгеним болчу. Аял да
бар, балдар да бар. Не кылам башкасын.

– Сиз өзүңүздү коомчулукта аябай агрессивдүү, алыскыны ойлобогон, бат ачууга
алдырган адамдардай алып жүрөсүз. Бирок сизди жакындан тааныган адамдар, Мотуев
өзүн мындай алып жүрүүсү шоу деп айтышып, ал өтө токтоо жана сабырдуу
экендигиңизди айтышат. Сиз бул пикирлерге кандай дейсиз?

– Абдан эле сабырдуу, орду менен сүйлөөрүмдү бүгүнкү видеомдон жана жеке өзүм көзөмөлдөп
сүйлөгөн видеомдон көрсөңөр болот. Ал эми, сиз айткандай ачуулуу жана башка кылып, же жеке
көрө албагандарым, дин душмандары ошондой мени жаман көрсөтүүгө аракет кылышат.

-Сиз интернет баракчаңызга Бишкектеги №32 абактын жетекчиси Анаркулов Тимур
жөнүндө видео кайрылуу жасадыңыз. Ошол боюнча айтып өтсөңүз?

-Т.Анаркулов деген начальник өзү мурда Афган согушуна катышып келген ачуусу чукул, дайыма
жинденип жүргөн жеткен “бок ооз”, чоң муштум неме. Мындай согуш коруп, кан кечип келген
немелерди эмнеге жетекчилик кызматка коюшат, билбейм. Техникалык же аткаруучу тынч
жумуштарга чегерүү керек эле мындайларды. Мунун азабынан канча карапайым “зек” изолятордо
айлап-жылдап жатышат. Болоор-болбоско жинденип эле ШИЗОго айдап кирет. Ошол эле учурда бул
неме чыныгы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнөн өлө коркот. Өз көзүм менен көрдүм. Түзөтүү
мекемеде эмерек, макарон чыгаруучу жана ширетүүчү цехтер бар. Ал жердин продукцияларын да
уурдап-будамайлап сатып атат.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу