Нурлан Мотуев жатак абактан качып кеттиби?

Жатак абакта жазасын өтөп жаткан Нурлан Мотуев качып кетти деп шектелип жатат. Мындай маалыматты АКИпресс агенттигине бүгүн, 6-сентябрда  ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Н.Мотуев «Фейсбуктагы» баракчасына Тимур Анаркуловду жеңгени тууралуу жарыялаган. Ал: «Ура-а-а! Мен Тимур Анаркуловду жеңдим. Анын ар кайсы кызматтары текшерип жатат. Мени болсо башка жатак-абакка которушту», — деп жазган.
Ал эми, ЖАМКтын басма сөз кызматы Н.Мотуев расмий түрдө эч жакка которулбаганын жана кармалбаганын билдирди.
«Ал абакка 72 сааттын ичинде келиши керек эле. Бирок ал келе элек. Мындай учурда качып кетти деп эсептелет. Учурда документтер тергөөгө берилди. Тергөөдөн кийин чара кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.
Н.Мотуев №32 жатак абакка 7 жылга эркинен ажыратылган болчу.
«Майрамдарга байланыштуу 31-августтан 4-сентябрга чейинки эс алуу күндөрүндө ЖАМКтын мекемелери күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынды. Буга байланыштуу бардык айыпталуучулардан ошол жакта болууну суранганбыз. Бирок Н.Мотуев болгон жок», — деп айтылат мамлекеттик органдын билдирүүсүндө.
Мыйзам боюнча, айыпталуучу 72  сааттын ичинде ЖАМКтын мекемелерине барбаса качып кетти деп эсептелет. Мындай учурда сот тарабынан айыпталуучуга дагы 3 жылдык мөөнөт кошулушу мүмкүн.

Булак: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу