Нурлан менен Асел кайрадан эл назарына түшүүдө.

Таарынышып, кайра жарашып жүрүшкөн таттуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын сүйүү мамилеси күйөрмандарынын дале кызыгуусун арттырууда. Алсак, эки ырчы казактардын «Зор» деген тасмасына саундтрек ырдашкан. Ошол тасманын бет ачары Бишкектеги кинотеатрлардын биринде болуп өттү. Көпчүлүктүн көңүлүн бурганы Нурлан менен Асел кинонун бет ачарына окшош кийинип келгени болду. Эки жаш ортолорунда сезимдер жоктугун, бирок достук мамилени сактап калганын айтышкан. Бирок кече, концерттерде көз караш, кыймыл-аракет, кылык-жоруктарынан бири-бирине болгон жылуу мамиле бар экени байкалат. Жакында өткөн Кайрат Нуртастын Бишкектеги концертинде Нурлан «Жүрөгүм» деген ырын аткарып жатып залда отурган Аселдин тушуна келип улам жылмайып, күлүп, «кол чап» деп жаңсап жыргап ырдаганына көбү күбө болуп, экөөнүн табышуусун тилеген күйөрмандарынын бүйүрүн кызытты. Бул тууралуу билүү максатында Нурланга кайрылганыбызда ал: «Асел экөөбүз чыгармачылыкта гана доспуз. Ал эми кинонун бет ачарына окшош кийинип келгенибизди өзүбүз деле байкабай калыптырбыз»,- деди.

Булак: SUPER.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу