Нурланбек ШАКИЕВ, экс-министр: “Мындан ары Келдибеков, Ташиев, Мадумаровдун саясатына кошулбайм”

Экс-министр менен ар убак кырдаалга жараша маектешип турмайыбыз бар. Бул жолку жолугушуубузда анын жеке менчик телеканал ачып иштете баштаганынан тартып, айрым санаалаштары, алдыдагы саясый тагдырлары тууралуу масилеттештик.  

 

— Нурлан мырза, соңку кездери саясаттан дымыңыз чыкпай, ың-жыңсыз жоголгондой эле дайыныңыз жок. Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров баштаган “үчилтиктин” жанындагы негизги фигуралардан элеңиз, алардын катарынан да карааныңыз көрүнбөйт. Же алардан да көңүлүңүз калдыбы?

— Мен үстүбүздөгү 2017-жылдын январь айынан тарта буга чейинки өзүм мүчө болуп жүргөн саясый партиялардын курамынан чыгып, ичтен аралашып жүргөн саясый топторго туура түшүндүрүү менен саясаттан оолактап турууну чечтим. Саясат курсакты тойгузбайт экен да. Мен саясаттан абдан тажадым. Куру эле саясат менен алектенгендин ордуна коомго, эл-журтка колубуздан келишинче пайдабызды тийгизүү максатында буга чейинки мээ чөйчөгүмдөгү бышып келе жаткан бейтарап, калыс позицияны карманган жеке телеканал ачуу боюнча идеямды иш жүзүнө ашырганга белсендим. Азыркы телеканалдардын баардыгы же бийликчил же бир беткей оппозициячыл болуп жатпайбы? Мындай шартта өзөгүн бейтарап маалыматтар түзгөн телеканал ачууга киришип, мына эми тилектеш, идеялаш, мекенчил, ири ишкер жигиттер менен биргеликте иш жүзүнө ашырып, “NTV” деген телеканалды обого чыгарып жаткан кербезибиз. Буюрса, аудиторияны бейтарап, позитивдүү, болгонун болгондой, эч кандай боёгу жок маалыматтарга карк кылсак деген ойдобуз. Туура, убагында Адахан Мадумаров менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясын чогуу түптөп, кийин “Республика – Ата Журт” партиясында Бабанов, Ташиевдер менен биргеликте тандем түзүп, бир кайыкта сүзүп жүрдүк да. Келдибеков менен да мамилем жаман эмес эле. Бирок, мени башта айттым го, куру саясат абдан тажатты. Андан көрө элибизге колдон келген ишти кылышыбыз керек экен. Мен белгилүү бир убакытка чейин мындан ары саясатка аралашпайм. Андан көрө жеке телеканалыбыз аркылуу баардык саясатчыларга саясый аянтча түзүп берсек дейбиз.

— “Бекер быштак капканда гана болот” эмеспи. Момундай заманда ким эле миллиондорду жеке телеканал ачууга жумшап, акыйып карап тургусу келсин? Сиздин артыңызда балким түштүк кланынын айтылуу “үчилтиги” турбайбы? Аламан жарыш алдында аларга деле телеканал керек да…

— Албетте, биздин коомдо азыр ушундай стереотип калыптанып калган да. Сен айткан түштүк кланындагы “үчилтик” тескерисинче өздөрүнө таандык “Нур ТВ” деген жаңы телеканал ачышты. Андыктан, биздин каналдын эч кандай аларга тиешеси жок. Азыр эми баарын эле каражатка байлабай, келечекке карай умтулган, заманбап ой жүгүрткөн адамдар менен иштесең, бизди элестеткен миллиондордун деле кереги жок да. Албетте, каражат керек. Бирок, туура анализ кылып, талдап, Аллага тобокел кылуу менен иш баштап алдык. “Чегирткеден корккон эгин экпесин” өзүң жакшы билесиң да үкам.

— Канчалык бейтараптуулукту тутунууну оозанганыңар менен мамлекеттик машина тил табышып же кепке-сөзгө келбесеңер “май куйругуңарды” толгоп коюу жолдору менен бир багытта саясат жүргүзүүңөргө мажбурласа “жатып бересиңер” да туурабы? Канчалык бейтараптуулукту оозанганыңыз менен саясаттын мындай жазылбаган мыйзамдарынан кача албайсыз да…

— Асмандан түшө калган эч ким жок. Биз деле ушул Кыргызстанда өсүп-өнүп, саясатта болобу же ушул эле телеканал жаатында буга чейин иштеп келгенбиз. Бизде баардыгы болот. Сен атаган мисалдарды деле ката албайбыз. Айрым кутумчул күчтөр тарабынан бут тосуулар болушу мүмкүн. Бирок, биз калыс болуп, бейтараптуулукту тутунсак да ошого карабай бизге кысым көрсөтүшсө, анда андайларды Кудай дагы кечирбейт го? Биз бир гана Кудайдан коркобуз. Башкасынан коркуп-үркүү деген бизде жок.

— Мурда-кийин саясатта жүрдүңүз, анан калса жеке телеканал ачып жаткан соң президенттикке аттанып жаткан саясый күчтөр тарабынан катарларына чакыруулар болбой койбойт да. Маселен, негизги фаворит Өмүрбек Бабанов менен өткөн жылы бир кемеде болгон соң, алар катарына чакырсачы? Ошондогу штаб башчыңар Руслан Казакбаев азыр деле ал жакты тейлеп жатпайбы?

— Биз эми андай этаптардын баардыгын басып өттүк да. Баштаган ишти акырына чыгаруу менин мүнөзүмө адат болуп калган. Буга чейинки иштеримде деле баштаган саамалыгымды ара жолго таштап койгон эмесмин. Азырынча менин максатым саясатка кайтуу эмес, “NTV” телеканалын сапаттуу маалыматтар менен жогорку деңгээлге чыгаруу болуп саналат. Саясатта дагы, дипломатияда дагы орустардын “никогда не говори, никогда” деген таамай сөзү бар го? Саясаттан убактылуу тыным алган соң телеканалыбыз бутуна там-туң тургуча Бабанов болобу же башкасы болобу, барбайм деген ойдомун. Мен бир түшкөн кайыкка экинчи ирет жармашпайм. Муну дасыккан дипломат Руслан Казакбаев деле жакшы билет. Мен мындан ары Келдибеков, Ташиев, Мадумаровдун да саясатына кошулбайм.

Булак: Азия Ньюс

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу