Нуриза Бурханова актриса: «Балдарыма жакшы мамиле кылса, ага турмушка чыгууга макулмун»

Жашоо бирде балдай таттуу болсо, бирде ачуу болуп пенделерин чымындай чыркыратып каалашынча калчайт. Жаш туруп тагдырдын бороонунда чабак уруп канчалаган ушак-айыңдарга туруштук берип, эки наристесин тарбиялап чыгармачылыгын да унутта калтырбай тасмаларга тартылып, клиптерде роль жаратып келе жаткан жаш актриса Нуриза Бурханова бугүн биздин маек төрдө

Туулган жери, жылы: Баткен облусу Сүлүктү  шаары, 1995-жыл.

Билими:Ж.Сейдакматованын 2 жылдык студиясын бүтүргөн, учурда Улуттук университетте финансы-кредит бөлүмүнүн 4-курсунун студенти.

Жашоодогу сүйүнгөн нерсеси: Бардык тараптан колдогон апасынын бар экендиги
Өкүнгөн нерсеси: Эч нерсеге өкүнбөйт, өкүнгөн менен пайда жок.
Келечекке койгон ой-максаттары: Эки баласына татыктуу тарбия берүү

-Нуриза буга чейин сенин жашооң тууралуу ар-кандай маалыматтар айтылып келген. Ошентсе да ата-энең, бир туугандарың, балалык чагың тууралуу өз оозуңдан уккум келип турат?

-Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарында төрөлгөнмүн. Ата-энем экөө тең Баткенден болушат. Бала бакчага ошол жактан барып мен 3 жашка толгондо атам менен апам эки ажырым жолго түшүп, мен 5ке чыкканда апам менен Бишкекке көчүп баса бергенбиз. Атам менен катташкан жокпуз, ал кишини көргөн да жокпуз. Балалыгымдын эң бир таттуу мүнөттөрү борбордо өттү. №1гимназияны окуп бүттүм. Мектепте жакшы окуган окуучу элем, дептерлерим апапак болуп ар дайым таптаза эле. Менден улуу агам бар ал учурда жогорку окуу жайын аяктап кесиби боюнча юрист болуп эмгектенүудө. Агам экөөбүздү ушул эрезеге жеткирип, оорусак ыйлап, кубансак сүйүнүп, атанын да эненин да тарбиясын берип апам бизди өзү жалгыз өстүрдү. Кээде отуруп ушундай эненин кызы болуп жаралганыма шүгүр деп сүйүнөм. Апам биздин бар жашообуз, апам жок болсо менин жашоом кандай болмок элестете албайм.

-Апаң жалгыз өстүрсө жашооңордо кыйынчылыктар болуп өксүгөн учурлар жокпу?

-Ишенесизби?! Апам бизге эч нерсени билдирген жок, балким күйөөсү жок аял күчтүү болуп калат окшойт. Тыпыйтып кийинтип мектепке алып бараар эле, өзүм дагы тыкан жүрчүмүн. Агам экөөбүз атасы бар балдар кандай жүрсө ошондой эле чоңойдук. Жашоодо кыйынчылыктар ар бир эле адамда болот болуш керек. А бирок эч качан атабыз жок деп өкүнгөн жокпуз. Апам бизге атанын да мээримин төгүп турчу. Азыркы күнгө чейин эле бардык нерсени апам менен кеңешип чечебиз. Кенедейибизден апам, агам жана мен үчөөбүз эле жашадык да. Экинчи наристем төрөлгөндө агам: «Көрсө ушинтип көбөйө берет турбайбызбы учөөбүз эле болчубуз, эми бешөөбүз болуп калдык, кандай сонун ээ?!», деп сүйүнгөнү эсимде.

-Бир топ тыныгуудан кийин чыгармачылыкка кайтуу кыйын болгон жокпу?

-Улуу кызымды төрөп үйдө отурганда эле тасма талаасына кайткым келип абдан сагынчумун. Андан бери убакыт өтүп бир эмес эки наристеге эне болдум. Ортодо турмушумда орчундуу маселелер орун алып депрессияга түшүп өйдө отуруп калдым. Ошондо улуу эжелер келип, «башыңды көтөр, чыгармачылыкка кайт сен али жашсың эмнеге мөңкүрөйсүң» деп күч-кубат беришти. Ошондон кийин тасмаларга тартылууну ойлоно баштадым. Депрессиядан балдарымдын күлкүсү сууруп чыкты, балдарымды карап отуруп баарын унуттум. Негизи мен тасма талаасында өзүмө берилген ролду толугу менен режиссердун ойундай кылып аткара алам. Бирок менин уялчаактык дейбизби же тартынчаактык дейбизби айтор ушундай бир уяң мүнөзүм бар. Бул жерин мындай ойносом кандай болот деп жатып эле көпчүлүктүн арасында ошол нерсени аткаруудан тартына берем. Бирок бул нерселерди кыйынчылык деп айтууга болбойт, андыктан көлгө коё берилген балыктай кыйынчылыксыз эле аралашып кеттим

-Актрисалык өнөрүрдүн арты менен тапкан каражат эки баланы багууга жетип жатабы, жардам берген адамдар барбы?

-Көпчүлүк менин бизнеси бар, акчалуу деп ойлошот экен. Бизде актрисалык өнөр менен жашоо мүмкүн эмес. Эгер күндө тасмага тартылып тынымсыз иштесең гана жашасаң болот. Бирок бизде Голливуддагыдай тез-тез жаңы кинолор тартылбайт да. Азыр менин негизги каражат табуучу булагым деп сулуулук салондо иштеп тапкан айлыгымды айта алам. Шүгүрчүлүк келтирем балдарымды эч нерседен кем кылбай багып жатам. Ал жакта күндө иштейм, ал эми балдарымды апам карайт. Кызым да, уулум да төрөлгөндөн тарта апам дайыма жанымда болуп каралашкандыктан алар апама көнүп калышкан. Азыр эми кой-айды түшүнүп калышты кызым Ясмина 3тө, уулум Айтемир 2де. Алар мени улуу эжебиз, ал эми таенесин апабыз деп ойлошот. Жумушта жүргөндө үйдө балдарым эмне болду деп кыжаалат болбойм, апам балдарды менден да жакшы карайт. Азыркы күндө балдарымды материалдык жактан да, моралдык жактан да өзүм камсыз кылып келе жатам.
-Кантсе да балага атанын мээрими керек болот эмеспи, балдарым ата мээриминен өксүп калат дебейсиңби?

-Азырынча алар жаш. Анын баарын аңдап билгенге аң- сезимдери өсүп жетиле элек. Жогоруда айтып өткөндөй байкем аларга эркек кишинин мээримин төгүүдө. Балдарымдын келечегин ойлойм бирок балдар үчүн өзүңдү курман чалуу мүмкүн эмес. Бул жашоодо бардык нерсе жөндөн-жөн эле болуп калбайт. Эгерде жашообузда кандайдыр бир жагымсыз нерсе орун алса демек ал маңдайга жазылган тагдыр.

-Эки чылбыр бир тизгинди колго алып турмуш менен күрөшүп келесиң, кантсе дагы аялзаты алсыз келет эмеспи, чарчаган учурлар болобу?

-Сөзсүз түрдө болот, чарчабайм десем алдаган болом. Бирок мен ичимдеги сырды сыртка чыгара бербейм бардык нерсени ичиме катып келем. Бирөөгө сырымды айтып берсем алар менин көйгөйүмдү чечип бермек беле? Кыйналган учурда балдарымды күлкүсүнөн кубат алам. Аларды карап эле дүйнөм түгөл боло түшөт. Учурда экөөнүн тең тили чыгып келе жаткан эң бир сонун мезгилдери. Эң кызыгы үйдө баарыбыз кыргызча сүйлөйбүз. Анан экөөнүн тең тили орусча чыкты. Апам күлүп калат «өйдө жалаң кыргызча сүйлөйбүз булар эмне орусча сүйлөп атышат» деп. Мультфильмдерди көрүшөт ошонун таасири го деп ойлоп жатабыз. Кызым Ясина музыка чыкса эле кыймылдап калат, анда апам ушул кызыңдан да бир нерсе чыгат ырчы болот окшойт деп калат. Ал эми уулум Айтемир аябай шок, бир орунда тура албайт. Бала деген улуусу эмне кылса туурайт экен. Эжеси эмне кылса ошону туурайт. Экөө тең байкемди жандарындай жакшы көрөт. Байкем да «Менин бир гана красавицам бар ал Ясина»,-деп турат.

-Жашсың, бойдоксуң, анын үстүнө эл көзүндөгү айымсың. Көз салып, сөз кыйытып тийишкен мырзалар жок десең ишенбейм…

-Турмуштан ажырашкандан кийин калыбыма келе элекмин. Бирөө менен кол кармашып жигит жандоого, аны менен турмуш курууга даяр эмесмин. Жарым жылдай аябай кыйналдым, ошентсе да эч кимге билдирген жокмун. Бирок эне деген баарын байкайт экен. Ошондой кыйын күндөрдү апам гана мени аяп, түшүнүп колдоду. Ушак-сөздөрдүн айынан колу менен кезеп көрсөткөн адамдар болду. Негизи башында турмушуң кандай башталса аягына чейин ошондой болот экен. Биздики башында эле ызы-чуу менен башталган, аягына чейин ошондой болду. Мындай жашоонун эртерээк бүткөнү жакшы болчу. Бул нерселердин баары артта калды, өткөн жашоо өткөн боюнча кала берсин. Өткөн жашоомду чийип салып жаңы жашоо баштадым. Менин жеке жашоом эл арасында жакшы эле талкуу болду окшойт. Андыктан баары эле билет, мага эми өткөн тарыхым менен жеке жашоомду куруп кетүү оор болот го деп ойлойм. Элге бир аз таанылып калгандыктан ар кандай кептер айтыла берет экен. Бирөө менен сүрөткө түшүп койсоң жигити деп чыгышат. Ошондуктан азыр бейтааныш адам менен жанаша баскандан да коркуп калдым. Албетте өмүр бою жалгыз өтпөйм, качандыр бир кезде турмушка чыгышым керек болот бирок азыр эмес. Кимге турмушка чыксам да көз карандысыз болсом дейм. Эгерде ал адам менин балдарыма жакшы мамиле кылса мен аны сүйбөсөм да турмушка чыгууга макулмун. Андай адам табылабы жокпу Кудай билет.

Маегиңе рахмат. Ишиңе ийгилик!

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу