НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА: «Өзүм алып барган тойлорго бекер эле «Жар-жар» айтып коём»

«Урррааа! Мен бүгүн жаштарды «Жар-жар» ырын ырдап тосуп алам! Бизде эми командада тамадалардан тышкары ырчы жигит-кыздар да, бийчилер да, комузчулар да, ал тургай жар-жарчы да бар! «Жар-жарды» айтып калышыма себепчи болгон адамдардын баарына ыраазычылык билдирем.

— Нурзат, тойлордо «Жар-жар» айтып жатыптырсың, бул ачылбай жаткан талантың беле же каражат табуунун дагы бир жолубу?

— Тойлордо менин «Жар-жар» айтуум муктаждыктан улам жаралды десем болот. Анткени дайыма той алып барам, тойго «Жар-жар» айта турган ырчы кээде кечигип калса, кээде той ээлери ырдай турган ырчы таппай калышат же болбосо бюджети туура келбей калат. Ошолордун баарын көрүп олтуруп, той ээлерин кыжалат кылбай «Жар-жар» ырын жаздырып коёюн деп чечкем. Анан элдер аткарып жүргөн кадимки эле «Жар-жардын» обонун алып Эрнис Жоошевге жаңы аранжировка, акын Бердибек Жамгырчиевге сөз жаздырып, ырдап жаздырып койдум. Элге аябай жаңылык болду, жакшы кабыл алып жатышат.

— Өзүңдүн ырдаганга каалооң бар беле?

— Айрым ырчы эжекелерим: «Нурзат, ырда, сенде үн бар», — деп шыктандырып турушчу. Бирок эл эмне дейт «ырдай элек ушул эле калды эле» дебейби деп тартынып жүргөм. Жашоодо андай нерсеге карабаш керек экен. Ырдап баштаганыма он-он беш күн эле болду. Аз убакытка карабай мени чакыргандар болуп атат. Негизи тойлордо жолдошум Максат экөөбүз тамадалык кылабыз да. Азыр тойду Максат баштайт, мен ырдап эки жашты алып кирем, андан ары экөөбүз чогуу улантып кетебиз.

— Кирешеси да жакшы болуп атабы?

— Ооба, Кудайга шүгүр болуп атат. Өзүм алып барган тойлорго болсо, бекер эле «Жар-жар айтып коём. Бул ырды той үчүн гана жаздырдым, теле-радиолорго бергеним жок. Негизи өзүмдүн ырдайм деген оюм бар, бирок жакынкы аралыкта эмес. Анткени 2018-жылды өзүмө караганга, ден соолугумду чыңдап, эне болууга көңүл бурам. Той, тиричилик деген бүтпөйт экен, баарын токтотуп үй-бүлөгө да карайын. Кудай буйруп эне болуп алсам, анан ыр жаздырып, өзүмдү бул жаатта да көрсөтөм деп турам.

— Эне болууга бел байлап атканың жакшы тилек экен. Сени ЭКУ жолу аркылуу балалуу болууну көздөп атыптыр деп да угуп калабыз…

— Жок, Кудайым берсе табигый жол менен өзүм эле балалуу болууну көздөп атам. Буга чейин балалуу болсом деп тилек кылганым менен аракет кылмайынча болбойт экен да. Буюрса, эмки жылы эс алып, ден соолугумду чыңдап, мазарларга барып Кудайдан бала сурайын деп атам. Биринчи кезекте мээмди эс алдырам, тиричиликтин, жумуштун түйшүктөрүн бүт жыйыштырып өзүмө кам көрөм. Балага деле жашооңдо орун берсең, анан келет экен го.

— Чындап эле жолдошуң экөөңөр учурдун кирешелүү булагы болуп эсептелген тойлордо эле жүрөсүңөр, тапкан каражатыңарды эмнеге жумшайсыңар?

— Менин өзүмдүн үйүм бар эле. Кийин Максат экөөбүз иштеп чогуу эки бөлмөлүү үй алдык, автоунаа алдык. Менин кийген формаларым 30-40 миң сом болот, аларга жумшайбыз дегендей. Ошондой эле курстарымда окуган балдарга быйыл Египетке жолдомо берем. Алардын баары эле акча да. Мектеп кээде өзүн актаса, кээде актабай калат дегендей.

— Максат экөөңөр үй алсаңар өзүңөрчө бөлүндүңөрбү?

— Жок, биз башынан эле кайната-кайненем менен чогуу жашайбыз. Өзүнчө бөлүнбөйбүз, Максат үйдүн кичүүсү да. Кайнатамдардын үйү жер там, жайында ал жакта жашайбыз. Ал эми кышында Максат экөөбүз алган кабат үйдө баарыбыз чогуу жашайбыз.

— Сен жаш эмессиң, өзүңө өзүң ээ болуп көнүп калгансың дегендей, кайындарың менен жашаган сен үчүн оор эмеспи?

— Эч кандай оорчулук жок. Менин кайненем абдан жакшы адам. Мен мындай жакшы кайнене бар экенинен үмүтүм үзүлүп калган эле. Түшүнүктүү, жөнөкөй кайненеге жолукканыма ыраазымын. Мен үйдө болгонумда жаным тынбайт, бошобой калсам апам түшүнөт. Иштеп күн сайын кеч келебиз да. Ошондон улам үй-тиричиликтерине убактым артпай иш кыла албай жатам деп бир жылдай кыжалат болуп жүрдүм. Анан кайненем: «Мен түшүнөм, үйдө олтурам тамак жасап коём. Силер жашсыңар иштегиле, бийиктиктерди багынта турган убагыңар, кам санаба», — деди. Ошондон кийин бир аз көңүлүм тынчып калды. Кайнатам да жакшы адам.

— Максат өзүңдүн окуучуң го, бүгүнкү күндө сенин купулуңа толгон алып баруучу болдубу?

— Албетте, Максатка аябай ишенем. Мисалы, Жаңы жылда президентке сөз бергенде мен: «Кандай бере алар экен?» — деп аябай кабатырландым да. Болбой эле президенттин сүрү бар да. Карап турсам, эч ката кетирген жок, ичимден: «Азаматсың!» — деп койдум.

— Мындан ары да алып баруучулук менен эле кетеби? Негизи кайсы кесиптин ээси?

— Алып баруучулук менен убактылуу эле алек болуп жүрөт. Өзү кесиби боюнча сүрөтчү. Келечекте бизнес жаатына кетет го. Азыр: «Алып баруучулук менен эле калып калбайбыз го, келечекке кирешелүү ишибиз болушу керек», — деп жаңы конуштарга батирлерди салып жүрөт. Мындан башка да көптөгөн пландары бар. Уюштуруу жагынан аябай кыйын. Жашоомдо ал пайда болгондон бери мен унчукпай эле калдым.

— Үй-бүлө курганыңарга эки жылдай болуп калды окшойт ээ, ортодогу жаш айырмаңардын кандайдыр бир терс таасири байкалабы?

— Жок, эч кандай терс жагын көргөн жокмун. Керек болсо Максат мени окутуп коёт.  Максат аябай жакшы бала. Кудайдан сүрөтүн чийип, кыял жоругунун баарын сурап алгандай да. Бактыбыз түбөлүктүү болсун.

— Канча балалуу болгуң келет? Бала карап үйдө олтура турган аялдардын катарына киресиңби?

— Кудай бала берсе эле бала менен үйдө тынч олтурам. Мен азыр көңүлүмө, шартыма туура келе турган болсо, айылга деле жашай алам. Тегерек четинди гүлдөтүп алыш өз колунда.

— Теле алып баруучу катары да көрбөй калдык, теледе иштебей калышыңа тойлордун таасири барбы?

— Теледен менин жүрөгүм өлүп калган, бирок азыр айыгып келе жатат. Себеби акыркы жолу Коомдук каналда 8 ай бою «Ден соолуктун сырлары» деген берүү тарткам, жумасына беш күн эфирден чыккан. Бирок айлык бербей: «Акча жок», — деп коюшту. Коомдук каналдын студиялары аябай суук болчу, ошол учурда иштеп ден соолугума абдан доо кеткен. Ошого жараша айлык да албай калып көңүлүм калгандыктан, беш жылдай алыстап жүрдүм. Эми гана аны унутуп теледолбоорлорго тартыла баштадым.

— Сен ичиңде эмне болсо, интервью бергенде баарын жашырбай айтып саласың, кийин өкүнүп калган учуруң болбойбу?

— Эч өкүнбөйм. Чынында мага жеке жашоом тууралуу айткандарымды: «Эмнеге айтасың, айтпай эле койбойт белең”, — деп калышат. Бирок мен жашырып койсом, кийин баары бир билинет. Андан көрө чындыкты өз оозум менен айтып коём, кийин эч ким сурабайт. Калп айтып койсоң кийин «мурда эмне деп айттым экен?» деп эстей албай калышың мүмкүн. Кыргызда кеп чынынан бузулбайт деген жакшы сөз бар.

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу