Нурзат Токтосунова: «Мен аларга эмне кылыптырмын, мени анчалык каргагыдай?»

Хейтерлер мен үчүн өзүн бактысыз сезген адамдар. Алар өздөрүн бактылуу сезмейинче күрөшүү кыйын. Жөн эле тааныбаган адамды каралап, жерден алып көргө, оттон алып бокко сала бербейт өзүн толук кандуу бактылуу сезген адам. Айрымдары каргап-шилегенге чейин барышат. Мен аларга эмне кылыптырмын, мени анчалык каргагыдай? Бул нерсе мага жакынкы болуп өткөн окуяларда абдан сезилди. Өкүнүчтүүсү, ошол адамдардын баары мен өпкө-боорумду чаап күйгөн элимдин арасынан чыгып жатканына капамын. Мурун мен «кой, эл үйрөнсүн, билсин, аң- сезими, ой-чабыты өзгөрсүн”- деп канча бекер тренингдерди, окууларды өтчү элем, аракет кылчу элем. Азыр айрымдардын ушундай мамилесинен улам эч нерсе кылгым келбей калды.

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу