Нурзат Токтосунова кош бойлуулугу тууралуу кабарлады…

Алып баруучу Нурзат Токтосунова кош бойлуу. Бул тууралуу маалымат менен Токтосунова өзүнүн инстаграм баракчасы аркылуу бөлүштү.

Нурзат Токтосунова буга чейин жүктөгөн сүрөтүнүн астында жазылган комментарийлерге активдүү жооп берген эле. Окурмандарынын бири «Кош бойлуусузбу?» деген суроосуна «Ооба» деп жооп берген эле. Эми мынтип өзү коомчулукка кабарлап отурат.

Нурзаттын мурунку сүрөттөрүнө көпчүлүк куттуктоо сөздөрүн жазып жатат. Ал эми акыркы сүрөттүн пикир калтыруу бөлүмүн өчүрүп койду. Ал эми сүрөттүн баяндамасына:

«Кудайым кут кылсын, түбөлүгүн түз кылсын, буюрса жакында биз ата-апа болобуз. Көп айтпайлы, көз болбосун, бир күнү сүйүнчүлөйбүз, жөн гана дуба кылып коюңуздар. Баарыңыздарды сүйөбүз! Өптүм!» -деп жазды.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу