Нурзат Токтосунова жыл ичинде атасын жоготуп ыйласа, кош кат болуп кубанды…

Жагымдуусу: Көп жылдан бери наристе жытына зар болуп келген жолдошум экөөбүз бул жылы кубанычтуу кабарга ээ болуп, бакытка балкып турабыз. Бул — менин кош бойлуулугум.

Жагымсызы: Аска-зоом, тирегим болгон атакемден айрылып, кабыргам кайышты. Атам ооруган эмес, жакшынакай туруп эле жыгылып түшүп кете берди. Көрсө, жүрөгү кармап калган экен. Мени бөпөлөп, эч нерседен кем кылбай ушул эрезеге жеткирген атамды жоготуу унутулгус кайгым болуп калды.

БУЛАК:Леди. kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу