Нурзат Токтосунова, алып баруучу: “Максат экөөбүз акырын урушабыз”

Толук аты-жөнү — Токтосунова Нурзат Темирболотовна;
Туулган күнү — 02.07.1983;
Туулган жери — Ысык-Көл облусу, Түп району, Ичке Суу айылы;
Билими — Жогорку;
Урааны — «Эч ким мага кас эмес, эч ким мага дос эмес. Баары мага мугалим!»

 

Толук аты-жөнү — Надырбеков Максат;
Туулган күнү — 27.08.1989;
Туулган жери — Нарын облусу, Ак-Талаа району, Баетов айылы;
Билими — Орто;
Урааны — «Ар дайым биринчи бол!»

— Ассалоому алейкум! Алгач маегибизди жеке жашоодогу жана чыгармачылыктагы жаңылыктар менен баштасак?..

Максат: — Ва алейкум салам! Ооба, соңку жаңылыктарыбыз менен бөлүшө кетпесек болбойт. Учурда жер-жерлерди, аймактарды кыдырып, өспүрүмдөргө, жаштарга келечекке карай туура багыт берүү максатында тренингдерди байма-бай өткөрүп жатабыз. Кудай буйруса, чакыруулар абдан көп болуп жатат. Жакынкы аралыкта Кыргызстандын баардык аймактарын кыдырууну туура көрүүдөбүз. Ал эми, үй-бүлөдө жаңылыктар баягыдай эле. Нурзат экөөбүз той-топур, майрам-кечелерде кызмат көрсөтүп, айтор, жумушубузга байланыштуу убактыбыз өтө тар болууда.

Нурзат: —  Туура, Максат айткандай аймактарды кыдыруудабыз. Мектеп окуучулары өз учурунда жакшы окуш керек экендигин баамга албай жатышат. Билим аркылуу жашоодо өз ордуңду табасың. Жакшы окубай туруп, «Мага мамлекет жумуш бербей жатат» дегенге эч кимдин акысы жок. Ошол үчүн, азыртадан тарта келечекти туура тандоосуна жардам катары тренингтерди, сабактарды өтүп, жардам берип жатабыз.

— «Нур» алып баруучулар мектебин ачууга эмне түрткү болду эле?

Н.: — Эл ичинде тартынчаак, эл алдына чыгып, эркин сүйлөй албагандар көп. Мунун айынан жакшы иштерди жасай албагандар да бар. Анан да «Тв, радиолорго кантип орношобуз?» деген сыяктуу маселелер менен көп кайрылгандар алып баруучулар мектебин ачуума түрткү берди. Буга чейин «Мектеп» деген аталышка ээ болсок, эми «Академия» деген наамга ээ болдук. Кудай буйруса, учурда өз жемишин берип жаткан кез. Биздин окуучулардын басымдуу бөлүгү ири масштабтагы иш-чараларда, майрам-кечелерде, той-топурларда, телевидение, радио, гезит-журналдарда кызмат өтөп жатышат.
Биздин мектепте томолой жетимдер акысыз окушса, жакшы окугандарга жеңилдиктер, көптөгөн жакшы мүмкүнчүлүктөр каралган.

— Буга чейин жалаң жаштарды окутуп келсеңиздер, учурда 40-50 курактагы адамдарга да сабак өтүп жатыпсыздар?..

Н.: — Туура айтасыз, көп тойлорду алып барып жүрүп, тойдо эркин сүйлөй албагандарды көрүп жүрөм. Азыркы кезде кайсыл жерде болбосун тил керек болуп калбадыбы. Ким жакшы сүйлөй алса, ошонун иши жүрүп жаткан кез. Мисалга, депутаттардан бирөө чыгып, аябай жалындуу сүйлөп койсо, «Ой азамат, мына ушул бизди жыргатат» дейбиз. Анткен менен мындайлардын бири да 20 жылдан бери көп деле эч нерсе кылбасын жакшы эле билдик. Ал эми, жакшы иштерди жасап жаткан бир адам чыгып, жүдөп-какап сүйлөй албай жатса, «Ай койчу, ушул бизди жыргатмак беле?» дейбиз. Ошондуктан, ким болбосун эркин сүйлөй билиш керек. Каалоочулар көп болгондуктан, улуу муундагы адамдарга да билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Айтаарым, дегеле майрам-кеченин алып баруучусу болуудан мурун, өз жашооңдун алып баруучусу бол!

— Маегибизди сиздердин жеке жашооңуздарга бурсак. Кайда болбосун экөөңүздөр чогуу жүрөсүңөр же мен ошондой учурда эле көрүп калып жатамбы?

М.: — Сиз бизди байкоого алганыңызга көп болдубу? Болбосо, дайыма чогуу жүргөнүбүздү кайдан билесиз дейм да… Ооба, туура айтасыз, Нурзат экөөбүз үйдө да, жумушта да чогуу жүрөбүз. Нурзатты жолуктурган Кудайга миң мертебе рахмат айтып, шүгүр кылам. Экөөбүздүн кесибибиз бир болгондуктан, көптөгөн иш-чараларды чогуу алып барабыз, жумушубуз бир дегендей. Ал эми, үйдө жолдошу болгон соң, жанында жүрөм да. Мен туура айтым жатамбы Нурзат?

Н.: — Ооба, туура айтып жатасың. Максат айткандай, кандай болбосун биз чогуу жүрүп, көп ишти кеңешип, чогуу бүтүрүп жатабыз. «Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы» деп коёт эмеспи элибизде. Кээде жумушка байланыштуу экөөбүз бир азга алыста болуп калабыз. Бири-бириңе көнүп алсаң өтө жаман экен, сагынышып кетебиз. Атейин десең, Россияга кетип, айлап-жылдап жубайлар эки башка жерде деле жашап,  иштеп жүрүшпөйбү… Ошондуктан буга да Кудайга шүгүр дейбиз.

— Максат агай, Нурзат эже сизге кандай жубай, үй-бүлөңүзгө кандай келин болуп жатат?

М.: — Нурзат аябай жакшы адам. Баардык жердин чегин билип, терең ойлонуу менен акыл калчап, иш алып барат. Ичинде кири, жаман ою таптакыр жок. «Адамдарга жардам берсем» деген сезим ичинде ойноп турат. Ошол жагын аябай сыйлайм. Айтор, кыскасын айтканда мага мыкты жубай, үйдө ата-энеме супер келин. Жогоруда айткандай, үйгө деле көп токтобойбуз. Дегеним, жумуш деп жүрүп, көп учурда үйгө кеч келебиз. Аябай эрте келдик деп, саатты карасак, түнкү 00:00дөн өтүп кеткен болот. Бирок, анткен менен Нурзаттын колунан баары келет жана мага да, ата-энеме, жумушуна да көңүл буруп, баардыгына үлгүрөт. «Нурзат чындыгында эле ата-энеме мыкты келин болуп жатат» деп ойлойм. Себеби, ата-энем ар убак ыраазы болуп, ар бир күнү жумушка кетээрибизде ак батасын берип, «Дайыма бир жүргүлө» деп турат.

— Андай болсо, сиздин кандай жубай, кайын журтуңузга кандай күйөө бала болуп жатканыңызды Нурзат эжеден билбейлиби?..

Н.: — Максаттын кайын журтунда андан да кичүү күйөө балдар көп болгондуктан, жолдошумду эч ким деле кыйнаган жок. Койду 15 мүнөттө союп коёт.
Максатты менин төркүндөрүм аябай жакшы көрүшөт. «Жакшы күйөө бала» деп алкап турушат. Билесизби, мен Максаттын чынчылдыгын жакшы көрөм.  Анан да аябай ак көңүл, боорукер жан. Дайыма айткан сөзүнө туруп, убагында жасайт. Максат чыныгы эркек. Ал мен үчүн жазылып бүтпөс чыгарма, ырдалып бүтпөс музыка. Жакшы жубай, жакшы жар.

— Оо, абдан жакшы турбайбы. Эми менде «Бул үйдө казан-аяк кагышып турабы же ага да таптакыр убакыт жокпу?» деген суроо жаралды?..

М.: — Туура, казан-аяк ар бир үйдө кагышып турат. Бирок, биздин үйдө кашык, чөмүчтөр обого учпайт, жерде жатпайт. Чынын айтсам, казан-аяк кагышса да акырын эле кагышат. Ортобузда түшүнбөстүктөр жаралып, урушуп баштаган кезде эле эмоцияга алдырбайбыз. Кээде болбогон нерседен уруш чыгып калат. Ошону талдап, токтотууга аракет кылабыз. Адам баласы бири-бирине жаман сөздөрдү айтып, уруша бергендиктен, ортодогу мамиле бузулуп, сүйүү да муздап кетет экен. Нурзат экөөбүздүн ортобузда «Урушуп уктабашыбыз керек» деген келишимибиз бар. Ооба, ошентип бири-бирибизге бекем сөз бергенбиз.

Н.: — Ооба, бири-бирибизге катуу үн чыгарып урушпайбыз. Максат Кудай жалгап акылдуу болуп, уруш-талашыбызды андан ары улантпайт. Бат эле элдешип, күлүп калабыз.

Логикалык суроолор
1. Кайсы суроого «Ооба» деп жооп берүүгө болбойт?
М.: — Менимче «Уктап калдыңбы?» деген суроого го…
Н.: — Ооба, «Сен уктап жатасыңбы» деген сурооого го же «Сен өлүп калдыңбы?» деген суроогобу? (жооп туура)

2. Кандай жол менен басууга болбойт?
Н.: — Саманчынын жолу жана салына элек жол менен.
М.: — Менден биринчи жооп берип салды, болбосо билчүмүн. (жооп туура)

3. Троллейбус жүрүп бара жатса, электр жарыгы өчүп калды…
М.:
 — Жарык күйгүчө күтүп турат, болбосо  элдер түшүп кетет.
Н.: — Жарык өчүп калса токтоп калат. (жооп туура)

4. Кыргызстандын текеси Казакстандын чөбүн жейт. Суроо: Анын сүтү кимге тиешелүү?
М.: — Кыргызстанга!
Н.: — Кайдагы Кыргызстанга, текеден сүт чыкпайт го…

5. Жолдогу кудуктардын капкактары эмне үчүн тегерек?
Н.:
 — Башка формада болсо, түшүп кетмек.
М.: — Туура, кандай айлантсан да түшпөйт да.
(туура жооп: Кудуктун оозу тегерек болсо, капкактары да тегерек болот да)

6. Эки чымчыктын бири түндүктү, бири түштүктү карап отурат. Суроо: Алар кантип бири-бирин көрөт?

М.: — Азыр заман өнүгүп калбадыбы, скайп аркылуу көрөт да.
Н.: — Бири-бирин акыры бир күнү көрөт. Себеби, жер тегерек.

7. Көз канча адамга таандык?
М.: — Бир эле адамга.
Н.: — Туура, менин көзүм мага, Максаттын көзү Максатка, сиздин көзүңүз сизге таандык. Эгер, менин көзүм башка бирөөгө таандык болсо, эчак эле талашып алмак да.

Булак: Гезит.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу