Нурзат Садыкова, ырчы: «Жашоомдун нугун өзгөртүп, динден бакыт таптым…»

Бир кездерде «Айланайын», «Балалыгым» ырларды аткарып элдин алкышына ээ болгон коңур үндүү ырчы Нурзат Садыкова эки жылдан бери жаңы ырларды жаратпай калды. Көрсө, ырчы айымдын жолуна түшкөндүгүнө байланыштуу чыгармачылыгына чекит коюптур. — Нурзат айым, көптөн бери чыгармачылыктан көрүнбөй калдыңыз эле, көрсө хиджаб кийиптирсиз. Бул чечимди качан кабыл алдыңыз эле? — Беш жылдан бери эле беш убак намаз окуп, орозо кармап дин парз кылган нерселерди аткарып келгем. Жоолук салынуу дагы динде парз болуп эсептелинерин билгеним менен ал кезде менин жоолук салынуума айлана-чөйрөм, тагыраагы чыгармачылыкта жүргөнүм тоскоолдук кылчу. Ошондуктан жоолукчан кыз-келиндерди карап суктанып эле кала берчүмүн. Ошентсе да чыгармачылык менен катар диний сабатымды жогорулатуу менен алек болдум. Жөндөн-жөн эле хиджаб кийип калган жерим жок. Миң ойлонуп, толгонуп, диний сабаты мол эжекелердин кеңешин угуп отуруп ушул чечимге  келдим. Башында жоолукту артка эле салынып жүрчүмүн, дене мүчөмдү толук жапканыма аз эле убакыт болду. Жашоомдун нугун өзгөртүп, динден бакыт таптым. — Ушуну менен биротоло чыгармачылыкты таштадыңызбы? — Менин акыркы чыгармам эки жыл мурун жазылган «Айланайын» ыры болду. Ошол убакыттан бери чыгармачылыгым токтоп калган. Негизи эле аялзаты үчүн чыгармачылык менен үй-бүлөнү биргеликте алып кетүү кыйын болуп калат. Карьерадан биринчи аял кишинин бактысы- үй-бүлөсү, жакшы диплому анын күйөөсү деп эсептейм. Шариятта да ырдоого тыюу салынгандан кийин мен дагы диндин бардык шарттарына баш ийип жашашым керек. — Турмушка  чыктыңыз беле? — Азырынча бойдокмун. Жеке жашоомду элге жарыя кылганды жактыра бербейм. Ошондуктан жүрөгүмдүн ээси барбы, жокпу, аны сыр кылып сактоону туура көрөм. Убакыт-сааты келип, насип эткен күнү турмуш жолуна узайм. — Эми эмне менен алек болоюн деп жатасыз? — Мурда Улуттук консерваторияны ийгиликтүү аяктадым эле, эми өзүмдү такыр эле башка жактан сынап көрөйүн деп жатам. Тактап айтканда, учурда психология жана педагогика тармагында магистратурада окуп жатам. Кудай буюрса, келечекте ушул жаатта кетсем деген оюм бар. — Чыгармачыл адам үчүн сахнадан биротоло кетүү оңой иш  болбосо керек? -Туура. Көп жылдан бери чыгармачылыктын казанында кайнап жүрүп, адамдын кан-жанына сиңип калган чөйрөдөн дароо эле арылып кетүү мүмкүн эмес экен. Калп айтканда болобу, көнүп кетүү мага да кыйын болду. Сахнаны сагынбай койбойт экенсиң. — Чыгармачылыкка кантип аралашып калдыңыз эле? — Мен мектепте окуп жүргөн кезде Айчүрөк Иманалиеванын жылдызы жанып турган кез эле. Менин кумир туткан ырчым болчу. Сүйүктүү ырчымдын интервьюларын калтырбай окуп, теледен көрүп, сүрөттөрүн бир чоң альбомго чогултчумун. Жада калса аны туурап чачымды чокума түйүп, көкүл кестиргем. 1998-жылы эже концерт коюп барганда альбомду көрсөтсөм, аябай таң калган. Тагдырдын буйругу менен арадан төрт жыл өткөндө экөөбүз жолугуп калдык. Ошондон баштап иштеше баштадык. Чыгармачылыгыма жол көрсөтүп, акыл-насаатын айткан инсан болгон. Бирок эженин менден башка дагы окуучулары болуп убактысы жок болгондугуна байланыштуу чыр-чатаксыз эле эки жолго түшкөнбүз. Бир жылды жалаң изденүүгө кетирип кийинки кийинки жылы гана алгачкы «Балалыгым» аттуу ырымды жаздыргам.  — Он жылдан ашык убакыт чыгармачылыкта жүрсөңүз да эмнегедир жылдызыңыз “жарк” этип жанган жок. — Өзүм элдик ырларды ырдоо бөлүмүн аяктагам да, ошого жараша репертуарымдын дээрлик бардыгын элдик ырлар түздү. Агайым Улукмырза Полотов да үнүмдүн тембри ушуга эле жарашарын айтып калчу. Өзүмдүн көңүлүмө да фольклорлук ырлар жакчу. Ырлар кулактын жана жүрөктүн ыры деп бөлүнгөндөй, эгерде мен биринчисине басым жасасам балким сиз айткандай  “жарк” этип чыкмакмын. Бирок,  мен аз болсо да саз иштедим деп ойлойм. Канткен күндө дагы бардыгы буйруктан. Аздыр-көптүр күйөрман топтоп, элдин алкышына ээ болдум. Айгерим Токтобай кызы БУЛАК: Леди.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу