Нурзада: «Каргышым кайын сиңдиме жетсин»

Үй-бүлө — тынчтык, ынтымак, сүйүү, бакыт уялап турчу, эки гана адамга тиешелүү керемет жай. Анда үчүнчү адамдын пайда болушу сөзсүз маселе жаратат. Ал үчүнчү адам ойнош, кайын журт, пайдасыз достор болушу мүмкүн. Кайгысын окурмандар менен бөлүшкүсү келген Нурзаданын бакыт уясын бузган адам бир тууган кайын сиңдиси экен. — Жолдошум Субан экөөбүз чоң сүйүү менен баш коштук. Албетте, алгачкы кадамдар андан болду. Ал менден 9 жашка улуу. Бир конушта жашагандыктан мага тестиер кезимден көз салып, ичинен өзүмдүк кылып жүрүптүр. 7-класс кезимде аны тааный баштадым. Артымдан ээрчиген көп эле жигиттер болду. Бирок анын бири да көнүлүмдү бурдура алган жок. Себеби Субан экөөбүз тең орусча айтканда «однолюб» экенбиз. 9-классты аяктаган соң медицина тармагынан билим алууну максат кылып окууга тапшырып кеттим. Алдыма чоң максаттарды коюп, кызыктуу жашоо баштаган кезде Субан колумду сурады. Жалгыз карындашы турмушка чыгам десе, ата-энеси улуусу катары Субанды биринчи үйлөнтүүнү максат кылышыптыр. Алардын шаштыруусу менен тез чечим чыгарып, макулдугумду бердим. Кайнатамдар тилек кылгандай тоюбузга той уланып кайын сиңдимди узатмай болдук. Барганыма бир ай боло электе эле Жанаранын кастыгы башталды. Алгач ирет шагымды сындырып, басынтканы эч эсимден кетпейт. Кыздын сандыгына деп алып келген көшөгө, шейшеп, бет аарчы сыяктуу буюмдарын көрүп атканбыз. Чынында суктануу менен: — Баарын сонун алыптырсың? Кымбат болсо керек, ээ? – дедим. — Хм, кымбат эмес, сапаттуу. Кыз барар жерине ушундай даярданып барыш керек, шөмтүрөгөн тряпкаларды жүктөп келбей, — деди. Бул түптүз эле мага айтканы эмеспи. Ырас, мен аныкындай кымбат баалуу нерселерди ала алган эмесмин. Бирок мынчалык басмырлагандай да эмес эле. Колумдагыларды аста коюп, дендароо болуп эле сыртка чыгып кеттим. Кайненем артымдан чыгып, бирок унчукпады. Ошол эле кечте кайнатам, жолдошум болуп тамактанып отуруп дагы жаман абалда калдым. — Салаттарды өкүл кызыма эле жасатам, сонун жасайт, — деди кайненем. — Апа, атайын ашпозчуларды эле жалдайлычы. — Анын баары эле акча да, ой. Мына, жеңең жардамдашып, арыдан-бери эле жасай коюшат, — деди кайнатам кепке аралашып. — Хм, ошо жардамдаштырбай койсоңор жакшы болот эле. Кудаларыңар Субандын кайын журтундагыдай супсак салат жеп кеп кылып кетишпейби. Ачуум келген менен тилим кыска болду. Астыртан Субанга көз жиберсем жер чукуп отурат. Экөөнүн ортосу эки гана жаш болгонго көп урушуп талашышарын айтчу. Ошондуктан карындашынын бул кылыгын тоготпой койдубу же каршы сүйлөй албайбы түшүнбөдүм. *** Той болуп, тойдун эртеси да болуп жай жашообуз башталды. Баарыбыз эрте кетип, кеч келебиз. Ар ким өз иши, мен окуум менен алекмин. Баягы көнүл ооруткан кептер унутулуп, бактылуу жашообуз уланып жаткан. Бир күнү окуудан келсем Жанара босогодон тосуп алды. Ооз учунан учурашып эле анан: — Академияда окуп аткансып таңдан кечке жүрөсүң го көчөдө. Үйдүн чаңы беш эли. Байкуш апам келин алып деле жыргабаптыр да, — деп кирди жулкунуп. — Эртең дем алыш. Баары жасалат, — дедим мен да үнүмдү бек чыгарып. Жанара унчукпаганы менен жерди оё басып эки жакты жыйнамыш болуп кирди. Мен тамак жасап баштадым. Кайненем эшиктен киргени эле ага атырылып бир тийди: — Келин алсам эле жыргап кетем дечү элеңиз, жыргабай эле чаңдын алдында калыптырсыңар. Мына, азыр атам иштен келет. Эмдигиче тамак даяр эмес. — Атаң келгенге даяр болот. Эмне болгон сага? Жайчылыкпы? – кайненем кызынын келип калганына да, анын кылык-жоругуна да түшүнбөй калды. — Эмне, келсе болбойбу? Келдим жай эле, учурашайын деп. Азыр күйөөм келип алып кетет. Ал келгенче эки жакты жыйнап атам, уят болбоюн деп. *** Мен Жанарага таптакыр жакпай турганыма көзүм жетти. Анын айткандары ачуумду келтирип, ыза кылганы менен каршы да эч нерсе дей албадым. Бир чети бул андан кичүү экенимден, жумшак мүнөзүмдөн болсо, бир чети күйөөмдү, кайын журтумду сыйладым. Бирок менин сыйым татыктуу баасын ала алган жок. Жанаранын төркүнүнө тынымсыз каттай бергенинин кесепетинен эми мени кайненем да жактырбай баштады. Баарын Жанара былгытып атканы айдан ачык эле. Анткени жай күндөрү кайненем экөөбүз жакшынакай сүйлөшүп, кеңешип, кадимки эне-баладайбыз. Качан үйгө Жанара келип түнөп же жарым эле саатка түштөнүүгө келип кетти дегенче болбой кайненемдин кабагына кар жаап, кылган ишимден кыйкым таап, кагып-силкип кирет. *** Жыл айланып кыздуу болдук. Кош бойлуу болгонумдан төрөгөнгө чейин кыйналып жүрдүм. Тилекке каршы, менин бул азабымды эч ким түшүнүп койгон жок. Субан башында аяп, абдан жакшы мамиле кылчу. Бирок анын мындай камкордугу кайненем менен карындашына, албетте, жаккан жок. «Сенин эле аялың тууп аткансып», «Манас төрөчүдөй болуп», «катынсаак болбо», «аялыңды башыңа чыгарып аласың» деген кептерди кулагына куюп атып, аны да мага орой мамиле кыла турган кылышты. Баарынан өкүнүчтүүсү, күйөөмдүн чечкинсиз, туура эмес болсо да төркүнүнүн кебин аттай албаган ээрчиме экендиги болду. Ал мени сүйөт. Мага жакшы мамиле кылуудан ырахат алат. Мени эркелетип өзү бактылуу болот. Бирок мунун баарын ачыкка чыгаруудан жазганып, ата-эне, бир тууганынын көзүнчө ал да мени кагып-силкип, катуу мамиле кылат. Кызыма 3 айдай болуп калган. Жанара бул маалда ай-күнүнө жетейин деп турган. Ал ушундай опурталдуу кезде да төркүнүнө келип чуу салмайын койгон жок. Кызымды эмизип коюп ашканага чыксам тамак жасап жаткан экен. Кир идиштерди жууп жатсам окуума асылып бир топ нерсе сүйлөдү. Унчукпадым. Анан камырды жаюуга экөөбүз бирдей кол сунуп калдык. Мен чындап кош бойлуу немени аяп камырды ала койдум. — Келе бери, кыйратып тамак жасасаң мен отурат элем го, — деди кол сунуп. — Кыйратып эле жасап жүрөм. Сени тамак жаса деп ким чакырды? — Эмне-е? Сенин чакырыгыңа ким зар экен? Кимсиң сен бул үйдө? — Ушул үйдүн ээсимин. — Ме, сага ээси болсоң, — үбөлүк жонума шак дей түштү. Колумдагы камыр менен мен да уруп жибердим. Ага удаа кайра алаканы жаагымды жанып өттү. Мени минтип эч ким чапкан эмес. Атам да, апам да, бир туугандарым да. Ызадан жаш баладай өңгүрөп ыйладым. Жанара өзүнчө акчыланып, ал да ыйлап жүрдү. Субан ата-энесин алып конокко кеткен. Чалып эч алдыра албай койдум. Бир маалда Жанара бөлмөмө кирип ал үйгө малай эле болбосом эч ким эмес экенимди, анткени менин төркүнүм алардан начар турарын, менин билимим жок экенин, көп калың беришкен соң тынч жүрүп жакшы оокат жасашым керектигин оозго алгыс балит сөздөр менен аралаштырып айтып жатты. Мен кызымдын кийим-кечесин алдым да, такси чакырып төркүнүмө кетип калдым. *** Арадан үч ай өттү. Субан кызын сураган менен жашообуздун уланышы тууралуу чечкиндүү кеп айтпайт. Кайнатам кайненемдин кебинен чыкпайт, кайненем болсо кызын коргоп, кош бойлуу немеге кол көтөргөн деп мени жамандап бүттү. Күн өткөн сайын Субандын бизди алып кетишинен, үй-бүлөсүн коргоп алышынан үмүтүм үзүлүп барат. Ал эми Жанарага ушул эле керек. Жок жерден турмушум бузулганына каңырыгым түтөйт. Эмнеден жаздым деп жаздык суулап ыйлап жашап келем. Жыйырмага чыга электе турмуштун ушундай азабын тартам деп таптакыр ойлогон эмесмин. Бактыма балта чапкан кайын сиңдим да мендей ыйлап калсын дейм… БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу