Нуржигит Кадырбеков Кыргыз республикасынын улуттук Сётокан Каратэ-До федерациясынын президенти болуп шайланды. Мындай маалыматты Кадырбеков өзү “Калыс Медиага” тастыктады.
Буга чейин федерацияны Камалдин Токтосартов жетектеп келген.
Сётокан Каратэ-До федерациясы Кыргызстанда 2001-жылы түзүлгөн. Спорттун бул түрү 2020-жылы Токиодо өтчү олимпиада оюндарында биринчи жолу таймаштардын программасына кирет.
Нуржигит Кадырбеков спорттун бул түрү менен машыгып келет. Кара курдун ээси. 1-дан.
Булак: Калыс Медиа