Нуржигит Кадырбеков, КР президентинин алдындагы “Ыйман” диний, маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы: “Дин кызматкерлерине 1 айда 11 миллион сомго чукул стипендия беребиз”

Ким кандай дебесин, Нуржигит мырза сырттагы замандын күрөө тамырын кармай билген, билими менен иши айкалышкан учурдагы баалуу кадрлардын алдыңкы сабында экенин айтсак болот. Маектешиме карай дал ушундай жогору пикир айтып, инсандык беделин баалоо – ортодогу жеке мамиленин айынан эле чыга калган жери жок. Кыйынды кыйын деш керек. Эмесе, акын, жазуучу, дипломат мырза менен калган сөзүбүздү төмөндөн таанышып алсаңыздар болот.   

— Нуржигит мырза, экс-президент Атамбаев кезегинде сиз жетектеген тармакка абдан олуттуу көңүл буруп, өздүк демилгеси менен чет өлкөлөрдөн каражат да таап бергенге жетишкен эле. Алмазбек Шаршеновичтин жеке аракети астында табылган каражаттар менен дагы канча убакыт иштечүдөнсүздөр?

— “Ыйман” фонду – бул Алмазбек Шаршенович чыйыр салган руханий долбоор. Фондду негиздеп, иштегенге шартты түзүп, каражатты таап, “элибиздин рухий көрөңгөсүн байытуу багытында иштегиле”, “илим менен динди бириктиргиле” деп тапшырма коюп, батасын арнаган. Бизге ишенди, чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүндүк берди. Ошол ишеничти актайлы деп аракет кылып келебиз. Кудай колдоп, жыйынтык жаман эмес. Эки миңден ашык имамды үчүнчү ирет айлантып окутуп жатабыз. Ички иштер министрлигинин, УКМКнын, маалымат каражаттарынын, билим берүү тармагынын кызматкерлеринин да диний сабаттуулугун көтөрүү долбоорлорубуз аткарылууда. Адеп, ыйман, дин, тарыхка байланышкан 13 китеп чыгардык. Жыйырмадай көркөм тасма тарттык. Бүт эле саамалыктар Бишкекте боло береби деп, көбүнесе региондордун интеллектуалдык өнүгүүсүнө көңүлдү бурдук. “Интеллектуалдык инвестиция” деген ураан менен Лейлектен Чаткалга, Чоң-Алайдан Казарманга чейин түрө кыдырып сабактарды, семинарларды өткөрүүдөбүз. Каражат Кудайга шүгүр, берекелүү болду. Буюрса, дагы бир топко жетет. “Алма быш, оозума түш” деп жатпай, өзүбүз долбоор жазып, Евробиримдиктен, Малайзиядагы NAMA фондунан, катарлык шериктештерибизден баш-аягы 50 миллион сомдой каражат таптык. Деген менен 2000ден ашык адамга айлык берсең, бул акча деле бат эле түгөнчүдөй.

— Жаңы президент Сооронбай Шарипович такыба, намаз окуган инсан эмеспи. Менимче, бул киши менен да иштешүү сиз жана сиздердин фонд үчүн оор болбосо керек…

— Сооронбай Шарипович “Ыйман” фондунун ишин ар тараптан колдоого даяр экенинен кабарым бар. Буюрса, жакында бетме-бет отуруп, көп маселелерди талкуулайбыз деп турам. Негизи бул фонд – тигил же бул адамдын эмес, кыргыз президентинин фонду.

— Бүгүн өлкөбүздүн аймагында канча имам сиздердин фонддон стипендия алышат? Кандайдыр бир чектен өтпөй, стипендия алалбай калгандары да болобу?

— Азыр бизден 2060 дин кызматкерлери 5 миңден 15 миң сомго чейин ай сайын стипендия алышат. Такай окутуп турганыбыз үчүн айлык эмес, стипендия катарында беребиз. Ошого эле бир айда 11 миллион сомго жакын каражат кетет. Молдокелерге мамлекет өзү айлык бере баштабаса, минтип узакка чыдоо кыйын. “Светтик өлкөбүз, имамдарга мамлекет казынасынан акча бербеш керек” деген туура эмес. Биздей эле светтик Германия, Норвегия, Түркия диниятчыларына айлык берет. Ошон үчүн алар мамлекетке иштеп беришет. А бизде мамлекет айлык бербегендиктен, канча мечит-медреселер, диний окуу жайлар чет элден демөөрчүлөрдү таап жатышат. Акча берген адам эмне кылуу керектигин буюрат. Жыйынтыгында мурда бирдей намаз окуп, бирдей нике кыйып, бирдей жаназа өткөргөн элибиз ар кандай диний агымдарга бөлүнүп, балакет басканы турат. Дин саясатын мамлекет толук көзөмөлдөбөй, светтикпиз деп жүрө берсек, аягы кейиштүү болору анык. Окууга катышпаган, мечитин мамлекетке каттатпаган жана аттестациядан өтпөгөн имамга стипендия берилбейт.

— Муфтият, аалымдар кеңеши менен иштешүүдө кандайдыр бир интрига же пикир келишпестик, арылатканда көз караштар келишпей калган, мунун айынан кырдыбычак абал ортоңордо жаралбай элеби?

— Кудай сактасын, андай абал боло элек жана болбой эле койсун. Биз ар бир ишти жобого, атайын бекитилген программага ылайыктап жасайбыз. Эреже иштеген жерде кырдыбычак болууга негиз чыкпайт. Муфтият кандай демилге көтөрсөк да колдоп келе жатат. Алкыш гана айтмакчыбыз.

— Эски жайытыңыз болгон дипломатия айдыңына кайтып баруу ниетиңизде барбы? Бир кездеги сиз менен үзөңгүлөш иштешкен жаш дипломаттардын алды бүгүн элчи, министр орун басары, шаар мэри, өкмөт башчылык айдыңга чейин жетишти. Сиз ошол чыйыр менен кете бергенде бери дегенде Отунбаева, Атамбаев баштаган үлкөндөр менен түз иштешкен инсан катары ТИМ жетекчилигинин эки тизгин, бир чылбырын колго алып калмак беле деген менде жакшы ой жашап жүрөт…

— Тагдыр – бул Жараткандын сыры. Буйрулган тагдырыма ыраазымын. Кайсы тармакта иштешим Аллага жакса, элге-журтка пайдалуу, бул дүйнө-акыретиме берекелүү болсо, ошол насип болсун. Дипломатия системи мага жагат. Бирок, биздин шартта бул кесип ээлери жалпы жонунан элден, турмуштан алысыраак. Кагаз жазып, кагаз ташып, Бишкек менен чет өлкөдө иштеп, орусча, англисче, кытайча жакшы сүйлөп эле мыкты дипломат болуу мүмкүн эмес. Тышкы саясат ички муктаждыктарды, көйгөйлөрдү чечүүгө кызмат кылышы керек болгондон кийин дипломат, айылдын, элдин турмушун терең билиши керек. Пекин менен Нью-Йоркко, Лондон менен Токиого эле каттай бербей, Алайкуу менен Ат-Башыны, Чаткал менен Араванды да кыдырып, элдин жашоосуна саресеп салып туруу өтө маанилүү. Жапондор, кытайлар мындай тартипти жолго коюшкан. Аларда ТИМ кызматкерлеринин арасында региондордо да иштеп, өз элинин чыныгы турмушун, маданиятын билгендер аябай көп.

— Баса, ТИМде жүргөндө баш-аягы канча министр менен түз иштешкенге үлгүрдүңүз?

— Мени ТИМге Роза Исаковна алып келген. Жетектөөчү адистен министрликтин маалымат катчысы кызматына көтөргөн. Аз болсо да саз иштештик. Көп нерсе үйрөндүм. Анан Аликбек Жекшенкулов министр болду. Бул киши мыкты уюштургуч. Кыска сүйлөп, көп иш бүтүрчү. Эднан Карабаев болсо академиялык билими терең интеллектуал. Руслан Казакбаев агабыз позитивдүү, эпкиндүү жетекчи катары эсимде калды. Азыркы министр Эрлан Бекешович менен болгону эки-үч ай эле иштештим. Ар бир тамганы көздөн жаздым кетирбеген жайы бар. Бул инсандар менен иштешип, мектебинен өтүү – мага зор сыймык.

— Сиз сөз таасирине өзгөчө маани берген, чечендик өнөргө да бай эмессизби. Мындай шык-жөндөм сизге ким тарабынан берилген?

— Чоң атамдын колунда чоңойгом. Сөзгө чебер, санжыраны, тарыхты, кыссаларды мыкты билген, эс тутуму укмуш жан эле. Алигиче таасирленип келем. А дейбиз, бу дейбиз, бирок Жараткан сүйлөтөт. Сөз – бул ооздун бекер жели эмес.  Бул – эпкин, энергия. Баардык жылан-чаяндын уусу бириксе адам тилиникине жетпейт, же тескерисинче, бал, шекер да тилче таттуу болбойт.  Ошон үчүн кеп кооз сүйлөштө эмес, саз, туура сүйлөштө. Көңүл оорутпай маселе чечүүдө. Керек учурда унчукпай коюуну билүүдө. Бир акылман адам “жакшы, сооп сөзүмдү оң жактагы, жаман, күнөө сөзүмдү сол жактагы периште жазат. Сол жактагынын калемине түшүп калбайын” деп өмүр бою сүйлөбөй өткөн экен. Сөөгү жок тил менен акысыз сөздү ойлонбой сүйлөп, азабын тарткандан Жараткан сактасын.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу