Нурбек Тотонов парламенттин транспорт боюнча комитетине мүчө болду

“Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Нурбек Тотонов Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине мүчө болду. Тийиштүү чечим Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети тарабынан кабыл алынды.

Эске салсак, Нурбек Тотонов 26-октябрда Акылбек Жамангуловдун ордуна депутат болуп келген. Акылбек Жамангулов «Мегаком» компаниясынын директору болуп дайындалган.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу