Нурбек Тотонов ЖК депутаты: Бабанов менен өйдө-төмөн айтышкан учурлар болду

—Нурбек мырза, маегибизди саясий суроолор менен уланталы. Лидериӊер Өмүрбек Бабановдун ден-соолугуна шылтоолоп Кыргызстандан качып кеткенине бир жыл болуп калды. Көпчүлүк ал ак болсо келип мыйзам алдында актыгын далилдесин, болбосо жоопко тартылсын деген кепти айтып жатат. Ал тургай жооп берсин дегендердин арасында партиялаштары да аз эмес. Сиз бул боюнча эмне айтасыз? Деги Бабанов менен мамилеӊиз жакшы эле беле? Анткени, сиздин көп добуш алганыӊызга карабай, мандатты бербей келген да…

—Туура. Биз өзүбүз сүйлөшкөндөй мен шайлоо учурунда мандат алууга жетиштүү добуш алгам. Бирок лидерибиз ар кандай шылтоолор менен жылдырып келди. Ушундан улам өйдө-төмөн айтышкан күндөр  болгон. Мен аны жашырбайм. Себеби, партия эле эмес, үй-бүлө ичинде деле казан-аяк кагышат эмеспи. Эмнеге дегенде элге барсак: “Биз сени шайлаганбыз, кана мандатыӊ?”- деп сурап жатышты. Лидерге айтсак, анын жообу ар кандай болуп жатты. Бирок ошондой болсо да, мен ал кишиге эч кандай кек сактаган жокмун. Мандатты кеч алганым, бул Кудайдын буйругудур.  Өз мекенинен алыста жүргөн адамга, азыр эч нерсе деп айта албайм. Дооматым деле жок. Күнөөсү жок болсо эл айткандай, мыйзам алдында актыгын далилдеп алса дээр элем.

Саясатка аралашкан адамдардын басымдуу бөлүгү  ар кандай ишке аралашып бузулуп кетип жатканын баарыбыз көрүп турабыз.  Саясатка аралашкан адам үчүн бул маселе сыноо  да. Бул  сыноодон сынып калбайсызбы?

—Саясат өзү  сасык деле эмес. Бирок саясатты сасык кылгандар элди эмес,  жеке кызыкчылыгын ойлогон бузуку саясатчылар да. Даараткана сасык деп, дааратканага кирбей коё албайсыӊ да. Таза, өз тартиби менен кирип чыксаӊ таза болосуӊ.  Тартибин бузсаӊ, белчеӊен булганарыӊ маалым. Бизде ушинтип булганып алгандар да бар. Чынында саясаттын өзүнүн тартиби, эрежеси турат. Ошол эрежени бузбай  мамлекет үчүн ак кызматыӊды кылсаӊ, элдик саясатчы болосуӊ. Менин саясаттагы тилегим ушундай.

—Бул чакырылышта Токтогул районунан 2 депутат чыккан. Сиз үчүнчүсү болдуӊуз окшойт. Бирок жердеш агаӊыз Осмонбек Артыкбаев абакта жатат. Бул кишини жакшы билсеӊиз керек. Ал тууралуу эмне айтасыз?

 —Осмонбек Артыкбаев агабыз менен шайлоодо оппонент болуп жүрдүк. Ошондой болсо да ал киши менен мамилем абдан жакшы. Адам катары мыкты инсан. Токтогулга, жалпы эле мамлекетибизге абдан көп жардамдарды берген. Элге эмгеги сиӊген. Мен анын мамлекеттин мүлкүнө кол салды деп күнөөлөнгөнүнө ишене албайм. Себеби, элге маалым болгондой жетиштүү байлыгы бар. Ал киши байлыкка муктаж деле эмес. Кудай буйруса, Артыкбаев агабыздын иши жакшы жагына чечилет деген ойдомун. Мен  өзүм депутат катары, жердеш иниси катары абакка кирип, агабыздын ден-соолугун,  ахыбалын сурап чыгайын деп максат кылып жатам.

—Соӊку суроо болсун. Депутат болгондордун баары эле кырынып, бир тал сакал койбой жүрүшөт. Сиздин сакал динге болгон ишенимден уламбы? Же башка себеп барбы?

 —Туура. Мен динге бек адам болууга аракет кылып, 14- 15 жылдан бери намаз окуп келатам. Сакал коюу ислам дининде сүннөт болуп эсептелет. Бирок узун кылып коюшубуз керек эле. Биздики болсо кыскараак. Депутат болдум деп эле, сакалды алып, кырынып, таранып, такырайып  калсак да туура эмес. Буга чейин кандай болсок, мына ошондой бойдон калышыбыз керек деп эсептейм. Элдин алдында да ушундай жүзүбүз менен чыктык эле, мындан ары ушул жүз менен калалы.

Булак: Багыт.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу