Нурбек Садырбеков: “Бактыгүл деген кызга операция жасап, эркек кылганбыз”

27 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип, 18 жылдан бери КР саламаттык сактоо министрлигине караштуу улуттук оорукананын №1 урология бөлүмүн жетектеген медицина илимдеринин доктору, жогорку категориядагы врач-уролог Нурбек САДЫРБЕКОВ менен маектештик.

 Нурбек мырза, учурда урологиялык оорулардын кайсы түрү менен көп кайрылышат?

— Бүгүнкү күндө эң эле актуалдуу болуп жаштарды түйшөлткөн маселе — бул тукумсуздук. Негизи эркек баланы кичинекей кезинен бери караш керек. Илгери балдарды атайын профилактикалык кароодон өткөрүп турчу эле. Бала бакчага баргандан тарта армияга барганга чейин дыкат текшерүүдөн өткөрүп туруу абзел. Мурункуга салыштырмалуу азыр жашоо татаалырак. Ошонун баардыгы ден соолукка таасир этүүдө. Туура эмес тамактануу да тукумсуздукка алып келет. Андан сырткары бөйрөктүн таш оорусу менен кайрылгандар көп. Ошондой эле аялдардын бөйрөгү, табарсыгы сезгенген учурлары көп катталууда. Бөйрөктүн сезгенип калышы туз, ташты пайда кылат. Бөирөктөгү таш кичине болсо айыктырууга болот, эгер таш чоңоюп кетсе операция жолу менен дарылоо керек. Азыр бөйрөк оорулары көп болуп, андан көз жумгандар да бар. Биздин негизги максатыбыз колдон келишинче бөйрөктү сактап калуу.

 Мурда 3-7 жашка чейин балдарды сүннөткө отургузуп ырымдашса, азыр жаңы төрөлгөн бир жумалык балдарды деле сүннөткө отургузушууда. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

— Негизи баланы сүннөткө отургузууда кайчы пикирлер айтылып келет. Бул салтка карата туура эле. Бирок, ырымдатар алдында урологдорго кайрылып, кеңеш алышса. Анткени, азыр урологго кайрылбай эле ырымдап коё турган «усталар» көбөйдү. Мындан жапа чеккендер да жок эмес. Менимче, жаңы төрөлгөн бир жумалык баланы сүннөткө отургузуу туура эмес. Керек болсо үч жаш деле эртелик кылат. Бала кичине чоңоюп, беш жаштан өткөндө кылса туура болот. Себеби, бала чоңойгон сайын чочосу да чоңоюп, тубаса оорусу бар болсо же кыйшык өскөн болсо беш жаштан баштап билине баштайт. Азыр тубаса оорулар көбөйүүдө. Өзгөчө жаш балдардын чочосу кыйшык өсүп, заара чыгаруучу каналдары туура эмес жактан ачылып калган учурлар арбын. Кичине кезде көп маани бербей жүрө берип, чоңойгондо анан бизге кайрылышат. Биз аларды операция жолу менен түздөйбүз. Сүннөт кылгаңда чочосунун башындагы териси кесилет эмеспи. Ошол бизге абдан керек болот. Анткени, тубаса ооруга чалдыгып, чочосу кыйшык өскөндөрдү операция кылууда ошол теринин жардамы чоң. Сүннөткө отургузулбаган балада «смегма» деген оору пайда болот. Израилдик окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, эркек кишиде смегма оорусу бар болсо, үйлөнгөндө аялына жугуп, жатын моюнчасынын рагына алып келет.

-Гермафродит оорусу боюнча түшүндүрмө берсеңиз?

— Гермафродит — бул латын тилинен келген. Ал «бир адамда эки жыныстын белгиси бар» дегенди түшүндүрөт. Бала болуп төрөлүп, бирок жыныс оргаңдары кыздыкындай, же кыз болуп төрөлүп, жыныс органдары эркектикиндей болгон учурлар көп. Кээ бир учурларда жыныс органдары эркек болуп төрөлгөнү менен ичинде жатын болушу мүмкүн. Бул нерсени социалдык көйгөй катары карасак болот. Негизи шарият боюнча гермафродиттерге тийбей, кандай төрөлсө ошондой кабыл алышыбыз керек. Азыр медицина өнүгүп келе жатат. Андыктан алардын каалоосуна, организмине жараша толук текшерүүдөн өткөн соң, операция жасап, жынысын өзгөртөбүз. Эң алгач 2006-жылы жыныстарын алмаштыруу боюнча операция жасаганбыз. Булар төрөлгөндө эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан. Анан операциядан кийин документтерин өзгөртүшсө, ата-эне, тааныш, жакындары туура кабыл алыш керек. Өздөрү да психикалык жактан даяр болушу шарт. Статистикага таянсак, дүйнө жүзүндө жүз миң адамдан беш адам гермафродит болуп төрөлөт.

 Сиздерге кайрылып, жынысын ал-маштыргандар боюнча бир мисал айта кетсеңиз?

— Бизге кайрылгандар көп эле болду. Эстеп калганымды айтып берейин. Эң алгач Бактыгүл деген кызга операция жасап, эркек кылганбыз. Кыз 14 жашка чыкканда атасы бизге алып келиптир. «Төрөлгөндө кыз деп төрөлгөн, бирок бети-башы, тулку бою эркектикиндей, көчөгө чыкса мушташат» деп. Анан ал кызды изилдеп көрсөк, кариотип хромосомасы эркек болуп чыкты. Жакшы өспөй калган эркектин мүчөсү бар экен. Жумурткалары да ичинде жайгашып калыптыр. Алар эркектин гормондорун чыгарып турат. Анан атасы менен сүйлөшүп, толук маалымат берген соң, атасы туугандары менен кеңешип келүү үчүн кеткен. Жарым жылдан кийин кайра баягы кызды ээрчитип келип, операцияга макулдугун беришти. Операция жасадык, ийгиликтүү өттү. Жумурткаларын ордуна түшүрүп, мүчөсүн узартып, гормондордон бергенбиз. Анан Бактыгүл эмес, документин Бактыбек кылып өзгөрттү. 18-19 жашында бир келип текшерүүдөн өтүп кетти. Чоңоюп, үнү да өзгөрүп, кадимки эркек болуп калыптыр. Бирок, жумурткаларын ордуна түшүргөн менен ал жакшы өспөгөндүктөн, урук бөлүп чыгара албайт.

Булак: “АЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу