Нуран Ниязалиев Кыргызстандын Катардагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Ниязалиев Нуран Садырович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги элчилик кызматты 2015-жылдын 8- декабрынан бери аркалап келген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу