Ноябрь айында үч гезит ишин токтотту

Ноябрь айында “ЖМКларды колдоо борборунан” басылып чыгып жаткан үч гезит, “Фабула”, “Тамчы” жана “Алло реклама” ишин токтотту. Бул тууралуу аталган борбордун кардарлар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Дыйканов “Азаттык” радиосуна билдирди.

— Көпчүлүгү Интернетке өтө баштады. Ошол себептүү болсо керек. Орто муундан жогорулар эле окубаса, жаштар гезит окубай калды. Мындан эки-үч жылга салыштырмалуу азыр чыгып жаткандардын деле нускалары 30-35 пайызга кыскарды.

Дыйкановдун айтымында, “ЖМКны коргоо борборунан” 130га жакын гезит басылып чыгат. Эң көп тираж 70-80 миң болсо, айрым гезиттер миңге жетпеген нуска менен басылып чыгат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу