26-июлда Ноокен районунун Сакалды айылында 29 жаштагы кош бойлуу келин токко тартылып каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар маалымдады.
Маалыматка караганда, ал суу насосу менен иштеп жатып, кокусунан токко тартылган.
Сакалдылыктар таза суу көйгөйүнөн улам кудук казып, суу алуу үчүн насосторду колдонушат.
Булак: Turmush