НОЙОН ЖУМАГУЛОВ, жарандык активист: «Революция, кан аркылуу келген бийликтин мурункулардан айырмасы жок»

“Балдарды 5 күн камашса да сынышпайт”, — деген оюн бүгүн, 22-мартта маалымат жыйында “Жаңы муун” кыймылынын өкүлү Тимур Саралаев билдирди. Анын пикири боюнча, кармалган активисттер мурда кандай позицияда жүрүшсө камактан чыкканда ошол бойдон калышат.

“Бийлик жөө жүрүшкө катышкан жарандык активисттерди милиция, сот аркылуу мыйзамсыз кармашты. Азыркы тапта “Бөрк ал десе, баш алган” учурлар көп кездешип жатат. Соңку мезгилдерде бир топ редакцияларга басым, кысым көрсөтүлүүдө. Бийлик оппозициянын сунуштарын укпай жатат. Укпаганы үчүн оппозиция өкүлдөрү камалууда”, — деди Саралаев.

Саясат таануучу Табылды Акеров мурунку бийлик убагында 5 суткага камаган учурлар болгон эместигин эскертти. “Акаевдин жана Бакиевдин убагында кармоолор болгон. Бирок тез эле коё беришчү. Азыр болсо 5 суткага камап жатышат. Жетекчилер акциялардын көбөйүшүнөн коркуп жатышат. Мындай көрүнүш тажрыйбалары аздыгынан улам болууда”, — деди ал.

Жарандык активист Нойон Жумагулов «өлкөдөгү башкаруу системи авторитардык режимге айланып баратат» деген оюн айтты. «Бийлик кемчилик тууралуу айткандардын оозун тыйып жатышат. Сөз эркиндигин кысымга алуу туура эмес. Революция, кан аркылуу келген бийликтин мурункулардан айырмасы жок», — дейт Жумагулов.

Эске алсак, 18-мартта сөз эркиндигине арналган жөө жүрүштө милиция «коомдук тартипти бузушту» деп Мухит Мамытовду, Мавлян Аскарбековду, Азамат Аттокуровду, Расул Умбеталиевди жана Айбек Мырзаны кармашкан. Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечимине ылайык, аталган 5 активист 5 суткага камакка алынышкан.

Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу