Ногойбаев ыймандан кийин төрөлгөнбү?

Темир жол тармагы коррупцияга кокодон батып калганы боюнчатынбай айтылып, Жогорку Кеңештин трибунасынан даты байма-бай көтөрүлүп келүүдө. Жакында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Бишкек-Москва каттамынын поезд коштоочусу Алия Асанбаева да тарс жарылып, тармактын чирип калган ириңин сыйрып берди. Көрсө, мекеменин жетекчилери каттамдарга билетсиз жүргүнчүлөрдү салып, далай акчаны сол чөнтөккө солоп жатышыптыр.

Маселен, кассада Москвага билет 14 миң сом деп турганы менен жетекчилери ортомчулар менен сүйлөшүп, билетсиз жүргүнчүлөрдү эки эсе арзан баа менен поездге салышат экен. Билетсиз жүргүнчү салмай Казакстан менен Орусиянын станцияларында дагы улантылары ачыкка чыкты.

Жыйынтыгында Бишкектен Москвага жөнөгөн бир рейсте билетсиз жүргөн адамдардын саны орто эсеп менен 50дон 200го чейин, айрым учурда 400го чейин жетет экен. Ар бир кишиден орточо 5 миң сомдон пайда көргөндө, 400 кишиден 2 миллион сом түшөт. Бул бир тарабы. Кайра келерде дагы 2 миллион.

Мына мамлекетти кактабай сааган коррупция кайда жатат? Ал эми «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев оозун куу чөп менен сүртүп, билетсиз жүргүнчү ташууну далилдеген бир дагы факты жоктугун билдирди. Кызталактын баласы, бети жок экен да!

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу