Өкмөттүн жаңы мүчөсү белгиленген тартипте дайындалганга чейин Жеңишбек Ногойбаев транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Ногойбаев буга чейин ушул эле мекемеде министрдин орун басары кызматын аркалачу.
Мурдагы Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 15-декабрда кызматтан кеткен. Анын алдында, 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков транспорт министринин “ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиевге байланыштуу ачууланган. Ал министрди ордунан тургузуп уяткарган.