Никитенко Атамбаевдин дачасынын курулушун текшерүүнү өтүндү

Парламенттин бүгүнкү, 22-ноябрдагы сессиясында «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко экс-президент Алмазбек Атамбаевге курулган дачанын мыйзамдуулугун текшерип чыгыш керек экенин айтты:

— Мага жарандар, «Биздин укук» коомдук фонду кайрылды. Алар өз өтүнүчтөрүнө жооп алышкан экен. Бишкек архитектура башкармалыгы экс-президент Алмазбек Атамбаевге дача куруш үчүн уруксат берүүчү кагаздарды бербептир. Мындан тышкары Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба агенттиги тиешелүү эскпертиза жүргүзгөн эмес. Жарандардын суранычынын негизинде өкмөткө оозеки түрдө өтүнүч жолдойм. Мага стратегиялык объектилердин курулушу үчүн документтерди алуунун тартибин, эмнеге мыйзамга ылайык экспертиза жүргүзүлбөгөнү тууралуу толук маалымат берүүнү суранам.

Никитенко жыйында Атамбаевдин кайсы жердеги дачасы тууралуу маселе козгогонун так айткан жок.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев резиденцияга жаңы үй салдыртканын былтыр алгач интернет-сайттардын бири жазып чыккан. Кийин президенттин иш башкармалыгы муну тастыктап, курулушка 89,3 млн. сом кеткенин, анын 77,8 млн. сомун Атамбаев өз эсебинен чыгарганын билдирген. Үйдүн аянты 301,8 чарчы метр.

Ошондой эле Атамбаев президент болуп турган 2016-жылы Бишкектин түштүк тарабындагы Кой-Таш айылына жакын жерге үй салганы маалым болгон. Бирок бул 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирип, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин мамлекетке алынган жер экени айтылган.

Аны Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттаткан. Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 1-декабрдагы басма сөз жыйынында Кой-Таш айылындагы тогуз гектардан ашык жер тилкесин мыйзамдуу акчага Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон сатып алганын өзү да ырастаган.

Ал 19-ноябрда «Апрель» телеканалындагы маегинде Бишкектин жанындагы Кой-Таш айылындагы хан сарайына байланыштуу дооматтарды четке какты.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу